Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ
XXXII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 4-сентябры № 217
“Мады айыл аймагындагы маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери боюнча жобону бекитүү жөнүндө”
Мады айыл аймагындагы маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери боюнча жобонуу бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчы Н.Алимбековдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагындагы маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |
Мады айылдык кеңешинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы кезексиз XXXII сессиясынын №217 токтомуна тиркеме
Мады айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык
түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун
ЭРЕЖЕЛЕРИ
I.Жалпы жоболор
1. Мады айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун Эрежелери (мындан ары-Эрежелер) Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Шаар курулушу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамдарга жана нормативдик укуктук актылардын Жарлыгына ылайык иштелип чыккан жана Кара-Суу шаарынын аймагында менчигинин түрүнө карабастан жер тилкелеринде, имараттарда жана курулмаларда, же болбосо башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана пайдалануу боюнча талаптарды, техникалык талаптарды, ошондой эле маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү бузуунун тартибин жөнгө салат.
2. Бул Эрежелерди сактоо Мады айыл аймагында менчигинин түрүнө карабастан маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууда жеке жана юридикалык баардык тараптар милдеттүү.
3. Мады айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана пайдалануу бул Эрежелерде белгиленген тартиптерге туура келбесе андагы талаптардын бузулушуна жол берилбейт.
Бул Эреже жол кыймылынын белгилери менен көчө-жол тармагынын көрнөктөрүнө таасир этпейт.
II.Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
архитектуралык-техникалык документация – маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга жана пайдаланууга укуктуу тастыктаган текстик жана графикалык материал камтылган белгиленген түрдөгү документ (архитектуралыктехникалык корутунду);
жарнамалык түзүмдүн ээси – жарнамалык түзүмгө мүлктүк укугу бар жарнамалык түзүмдүн ээси, же жарнамалык түзүмгө анын ээси менен келишим аркылуу ээлик кылган жеке, же болбосо юридикалык тарап;
маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн дизайн-долбоору (эскиз) – так жайгашкан жери, маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн өлчөмдөрү менен андагы сүрөттөр жөнүндө текст жана графикалык түрдөгү маалымат камтылган документтердин комплектиси (графикалык материал, же фотомантаж);
маалымат – берилүүсүнүн түрүнө карабастан калкка маалымат жеткирүүгө багытталган жана жарнамалык мүнөздө болбогон маалымат (билдирүүлөр, маалыматтар);
жарнама – адамдардын белгисиз чөйрөсүнө даректелген жана жарнамалык объектиге көңүл бурууларына багытталган, же ага кызыгууну колдоону калыптандырган жана анын рыноктогу алгалашына багытталган, болгон мүмкүнчүлүктөр, түркүн түрдөгү каражаттарды пайдалануу менен жайылтылуучу маалымат;
жарнама таратуучу – жарнаманы ар кандай жол менен ар кандай түрдө жана ар кандай каражаттарды пайдалануу менен таркатуучу адам; жарнамалык аянт – жарнаманы көрсөтүү жана жайылтуу үчүн пайдаланылган жарнамалык түзүмдүн аянты;
сырткы маалыматты жана жарнаманы таратуу - маалыматтык же жарнамалык түзүмдү пайдалануу жолу менен сырткы маалыматты жана жарнаманы көпчүлүккө көрсөтүү;
социалдык жарнама – ар кандай жол менен ар кандай түрдө жана ар кандай каражаттарды пайдалануу менен таркатылган, адамдардын белгисиз чөйрөсүнө даректелген жана кайрымдуулукка жана башка коомдук пайдалуу максаттарга багытталган, ошондой эле мамлекеттик кызыкчылыкты камсыз кылган маалымат;
ыйгарым укуктуу орган – Кара-Суу шаарынын мэриясынын маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана сырткы жарнама менен маалыматты таркатуу маселелерин жөнгө салууга ыйгарым укук берилген түзүмдүк бөлүм.
Брайл шрифти - азиздер жана көрүүсү начар адамдар жазып жана окуй турган рельефтик чекиттүү тактилдик шрифт.
III. Маалымат менен жарнаманы жайгаштыруунун жана таркатуунун ыкмалары
5.Маалымат менен жарнаманы жайгаштыруу жана таркатуу төмөндөгүлөрдү пайдалануу менен ишке ашырылат:
-маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү;
-унаа каражаттарын;
-жол боюндагы инфраструктура менен көрктөндүрүү элементтерин;
-стационардык эмес.
5.1. Маалымат жана жарнама түзүмдөрдөгү жарнама - маалымат жана жарнама түзүмдөрүндө жайылтуу үчүн жайгаштырылган ушул Эрежелер менен аныкталган жарнама.
5.2. Унаа каражаттарындагы жарнама – ар кандай унаа каражаттарында – жеңил же жүк ташуучу автомобилдин, автобустун сырткы беттерине жайгаштыруу менен таркатылуучу жарнама.
5.3. Инфраструктура жана көрктөндүрүү объектилериндеги жарнама – шаардык коомдук унаанын аялдама комплекстеринин түзүмдөрүнө, чакан архитектуралык формаларга, жол боюндагы жарыктандыруучу жана башка түркүктөргө жайгаштырылуучу жарнама.
Инфраструктура жана көрктөндүрүү объектилериндеги жарнама түзүмүнүн маалыматтык аянты анын эки тарабынын жалпы аянты менен аныкталат.
Инфраструктура жана көрктөндүрүү объектилериндеги жарнама түзүмдөрү ички жарыктандыруусу менен болууга, электр тармагынан ажыратуучу авариялык жабдуусу болуусу жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүсү керек.
5.4. Стационардык эмес объектилердеги жарнама – стационардык эмес объектилердин түзүмдүк элементтериндеги жарнама (павильон, киоск, тосмо ж.б.).
Стационардык эмес объектилердеги жарнама түзүмүнүн маалыматтык аянты пайдаланылуучу тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
Жарнама түзүмдөрү ички жарыктандыруусу менен болууга, электр тармагынан ажыратуучу авариялык жабдуусу болуусу жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүсү керек.
5.5.Маалымат менен жарнаманы жайылтуу төмөнкүлөрдү пайдалануу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн:
-басмакананын кыймылсыз постерлери (кагаз, винил ж.б.);
-сүрөттөрдү алмаштыруунун динамикалык тармактарындагы постерлер (роллердик өзгөрүп туруучу тармактардагы же бурулма панелдер тармагы – призматрондор ж.б.);
-электрондук жана проекциялык жабдуулар.
IV. Маалыматтык түзүмдөр. Маалыматтык түзүмдөрдү
жайгаштыруунун түрлөрү жана талаптары
6.Маалыматтык түзүм – жарнамадан тышкары маалыматты таркатууга багытталган түзүмдөр, курулмалар, ылайыкташтырылган техникалар, көркөм элементтер жана башка алып жүрүүчүлөр.
Ушул Эрежелер менен маалыматтык түзүмдөрдүн төмөнкү түрлөрү аныкталган:
6.1. Витрина – товарлар менен тейлөөлөрдү көрсөтүү, сатып алуучулар тарабынан алардын мазмуну жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө, анын уюштурушу жөнүндө маалыматты жайгаштырууга арналган имараттын, курулмалардын айнектелген бөлүгү.
Витрина сөзсүз түрдө товарлардын өзгөчөлүгүн көрсөткөн, кечкисин жарыктандырылып турган жана товарлар менен жасалгаланышы зарыл.
Витринага сатылып жаткан баардык товарлар жана тейлөөлөр жөнүндө каалагандай маалымат жайгаштырууга уруксат берилет, бирок товарлар жөнүндө маалымат саны жана көлөму боюнча жогору болууга тийиш (70% жана андан жогору).
Витринага жалпы мамлекеттик же шаардык майрамдарга жана башка коомдук ишчараларга байланышкан майрамдык маалыматты жайгаштырууга уруксат берилет.
Эгерде витринанын ички тарабына панно (плакат ж.б.) жайгаштырылган учурда витрина жарнак катары каралат.
Витринанын ички тарабында жайгаштырылган витрина түзүмдөрүнө кийинки аралык айнектелген витринадан 15 см аралыктан кем эмес болууга тийиш.
Айнектелген витринанын ички тарабына коюлуучу витриналык түзүмдүн, же жарнак панносунун (электрондук алып жүрүүчүлөрдү кошкондо – экрандар жана таблолор) эң чоң өлчөмү бийиктиги боюнча айнектелген витринанын жарымынан жана узундугу боюнча айнектелген витринанын жарымынан ашпоого тийиш.
6.2. Көрнөк – жеке жана юридикалык тараптар жайгашкан, же өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жердеги имараттын, курулмалардын жана стационардык эмес соода объектилеринин кире беришине жайгаштырылган маалымат тактасы.
Көрнөк – белгисиз адамдардын чөйрөсүн жеке адам жөнүндө маалымат, же юридикалык тараптын аталышын ишмердүүлүгүн көрсөтүү менен маалымдоо үчүн багытталган такта.
Көрнөктөрдөгү маалымат биринчи кезекте мамлекеттик тилде андан кийин расмий тилде, зарыл болгон учурларда башка тилде жасалгаланат.
Бул учурда башка тилдердеги жазылган жазуулардын өлчөмү мамлекеттик тилдин текстиндеги тамгаларынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
Көрнөктөрдө декоративдик элементтерди, ошондой эле товарлардын белгиси, же тейлөөнүн белгиси катары белгиленген тартипте катталган тексти, графикалык сүрөттөр менен башка комбинациялардын жайгаштырылышына жол берилет, бул учурда:
-көрнөк жарнама катары колдонуусу тийиш эмес;
-эгерде имараттын баардыгы түзүмдүн ээсинин менчигинде болбосо экинчи кабаттагы терезелердин ылдыйкы деңгээлинен жогору болбоого тийиш;
-дубалдан 25 см аралыктан ашык чыкпоого тийиш;
-имараттын алдынкы бөлүгүнүн 1/6 бөлүгүн ээлөөгө тийиш эмес;
-кечки мезгилде жарыктын жеке ички же сырткы булактары менен жарыктандырылуусу тийиш.
6.3.Каттоо такталары – уюмдун юридикалык катталган толук аталышын, ведомстволук таандыгын чагылдырат. Каттоо такталары имараттын кире беришине жайгаштырылат. Каттоо тактасынын аянты 1,5 чарчы метрден ашпоого тийиш.
Ишкананын, мекеменин, уюмдун жана жайдын аталышы милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде жасалгаланат.
6.4. Маалыматтык тактачалар – уюм жөнүндө маалыматты иш убактысын чагылдыруу менен кире бериш эшикке, же витриналардын айнектерине келгендерге жакшы көрүүнү камсыздаган бийиктикте орнотулуусу мүмкүн.
Маалымат тактачасынын аянты 1,0 чарчы метрден, же 0,3 чарчы метрден кем болбоого тийиш жана тактачалардагы тамгалардын төмөнкү бийиктиги 2 сантиметрден кем болбоого тийиш.
6.5. Көрсөткүчтөр – көчөлөрдүн, аянттардын, өтмөктөрдүн, кыска көчөлөрдүн, долбоорлонуп жаткан (номердик) өтмөктөрдүн, проспектилердин, шосселердин, жээктердин, сеил бактарынын, туюк жайлардын, бульварлардын, аллеялардын, көпүрөлөрдүн, эстакадалардын аталыштары жана үйлөрдүн номерлери (көчө көрнөктөрү); картографиялык маалымат, жүргүнчүлөрдү ташуучу шаардык унаанын жүрүүчү жолдору жана күн тартиби, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жайгашкан жерлери.
Көчө көрнөктөрүндөгү тексттер (жазуулар) мамлекеттик тилде жазылат.
Баардык имараттарга жана үйлөргө алардын тиешелүүлүгүнүн, баш ийүүсүнүн жана андагы жашаган жарандардын санына карабастан ирээти менен номер тагылуусу тийиш.
Убактылуу жашоо үчүн курулган курулмаларга (короолор, кампалар, отканалар ж.б.) номер коюлбайт.
Көрнөк тактачаларынын, имараттардын, көп кабаттуу уйлөрдүн кире бериштерине орнотулган тактачалардын тиешелүү абалда орнотулушу жана сакталышы алардын ээлерине жүктөлөт.
Имараттарга номер берүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
-түштүктөн түндүккө багыты бар көчөлөр үчүн – имараттардын номерлеринин жогорулашы түндүктү карай жүргүзүлөт;
-батыштан чыгышты карай багыты бар көчөлөр үчүн – имараттардын номерлеринин жогорулашы чыгышты карай жүргүзүлөт.
Мында жуп сандуу номерлер түштүктөн түндүккө карай багыт алган көчөлөр үчүн көчөнүн батыш тарабында, ал эми чыгыштан батышка карай багыт алган көчөлөрдүн түштүк тарабына берилет. Так номерлер ушундай эле ирээтте көчөлөрдүн чыгыш жана түндүк тарабына берилет.
Көчөлөрдүн кесилиштериндеги имараттарга эки номер белгиси жана көчөлөрдүн аттары жазылган тактачалар берилип, алардын бири имараттын кире беришине тагылса, экинчиси имараттын башка жагына тагылат. Калган имараттарга бирден эле номер берилет. Кварталдын ичиндеги имараттар жарыяга ээ эмес.
Кварталдын ичиндеги имараттардын кире беришиндеги номер белгилери жерден 3 м бийиктикте жана бурчтан 20 см алыстыкта, номерлердин өсүү тарабын карай илинет. Чатырына чейин 3,5 метрден кем имараттарда номер белгилери чатырдын алдынан 20 см, же чатырдын айырмачтарынан 40 см төмөндүктө илинет.
Жарыялар (аншлаг) бурчтан 20 см алыстыктагы номер белгилеринин алдына илинет.
Жаңы жарыяларды (аншлагдарды) жана номерлерди имараттарга илүү учурунда алардын эскилери алынып ташталат.
6.6.Навигациялык модулдар – жер участокторундагы жана калктуу конуштун аймагын пландоону уюштуруу жөнүндө маалыматты камтыган, инфраструктура, маданий жана тарыхый эстеликтердин, шаардык мекемелер менен уюмдардын, аймактык жана муниципалдык маанидеги (менчик мамыларына, шаардык жарык берүүчү мамыларга, байланыш тармагынын мамыларына) пайдалануу рыногунун ишканалары менен объекттеринин жер тилкелеринде жайгашкан түркүктөргө орнотулуучу эки тараптуу түзүм.
6.7.Маалыматтык такта – өзүнчө турган менчик түркүгүнө орнотулган көрктөндүрүүнүн маалыматтык жалпак элементи.
Маалыматтык такталар көп кабаттуу үйлөрдүн, турак үйлөрдүн, мекемелер менен ишканалардын имараттарынын кире бериштеринде, ошондой эле Кара-Суу шаарынын калкын маалымдоо үчүн багытталган муниципалдык менчик жерлеринде жайгаштырылат. Маалымат такталарынын эң чоң өлчөмү түзүүгө тийиш:
-бийиктиги – 1,05 м;
-узундугу – 0,75 м.
V. Жарнамалык түзүмдөр. Жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруунун
түрлөрү жана талаптары
7.Жарнамалык түзүмдөр – Кара-Суу шаарынын аймагында жарнаманы таркатуу максатында орнотулган такталар, плакаттар, кермелер, жарык жана электрондук таблолор, ар кандай нерселерге, аба шарларына, аэростаттарга ж.б. техникалык каражаттарга сырткы жарнаманы көрсөтүүгө багытталган проекциялык ж.б. жабдуулар.
8.Жарнама түзүмдөрү жайгаштырылышынын түрлөрү боюнча төмөндөгүдөй бөлүнөт:
-өзүнчө турган (менчигинин түрүнө карабастан жер тилкелеринде жайгаштырылган);
-менчигинин түрүнө карабастан кыймылсыз мүлк объектилерине (имараттар, курулмалар ж.б.) кошулуучу каражаттар;
-жеке долбоорлор боюнча талаптан тышкары аткарылгандар ( аба шарлары, аэростаттар ж.б. түрлөрү).
9.Өзүнчө турган жарнамалык түзүмдөр төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: чакан форматтуу, орто форматту, чоң форматтуу жана ири форматтуу.
10.Чакан форматтууга 6 чарчы метр жарнама аянты бар төмөндөгүдөй жарнама түзүмдөрү кирет:
10.1.Туунун сабы – мамлекеттик жана фирмалык тууларды илүүчү түзүм, имараттар менен курулмалардын дубалдарына атайын кронштейндерге, ошондой эле жер тилкелериндеги өзүнчө турган түркүктөргө орнотулат.
Өзүнчө турган жарнама түзүмү пайдубалдан, таканчык рамасынан, тике түркүктөрдөн жана жумшак кездемеден турат жана тууну көтөрүү үчүн бийиктигин жөнгө салуучу жабдуу менен жабдылган.
Пайдубал эки түрдө жасалышы мүмкүн: бетондун негизинде, же асылма салмагы бар рама менен.
Жарнама аянты айрым турган туулардын баардык тараптарынын курамы менен аныкталат.
Мамлекеттик жана фирмалык туулар туруктуу илинип турушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу менен кездеменин өлчөмү боюнча орнотуу бийиктиги боюнча башка туулардан кичине жана төмөн болуусу мүмкүн эмес. Туулар эскилиги боюнча жаңыланууга же алынып коюуга тийиш.
Жарнамалык сүрөттүн (кездеме) өлчөмү 1,2 м х 0,6 м ашпоого тийиш. Туунун саптарынын саны 5 даанадан ашпоого тийиш.
10.2. Көчө баннери (стрит баннери) – Шаардын көчөлөрүн жарыктандыруучу түркүктөргө орнотулуучу баннерлерди илүүгө ылайыкталган түзүм. Жарнама түзүмү жарнаманы жайгаштырууга багытталган жумшак кездемеден жасалган керме элементтеринен турат жана жарыктандырылбайт.
Жарнама аянты пайдаланылган тараптардын аянты менен аныкталат.
Стрит толугу менен же жарым жартылай жолдун үстүнкү бөлүгүнө жайгашбоого тийиш.
Стрит баннердин төмөнкү жагы жерден 2,5 метрден ылдый болбоого тийиш.
Жолду бөлгөн түркүктөн башка, бир түркүктө бирден ашык стрит баннерди орнотууга жол берилбейт.
Стрит баннердин өлчөмү 1,0 м х 3,0 м ашпоого тийиш
10.3.Сити-формат (шаардык формат) - тротуарларга жайгаштырылган, ички жарыктандыруусу бар, жарнамалык эки тараптуу обочо турган жарнамалык түзүм.
Жарнамалык сүрөттүн өлчөмү (бир тарабы): 1,2 м х 1,8 м.
Сити-форматтын жарнамалык аянты анын эки тарабынын жалпы аянты менен аныкталат.
10.4.Пиллар – үч же төрт кырдан турган, ички жарыктандыруусу бар, обочо турган жарнамалык түзүм. Анын ар бир тикелей кеткен жарнамалык аянты 1,4 м х 3,0 м өлчөмүндө болууга тийиш.
Жарнамалык аянт пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
10.5.Тумба – түтүк түрүндөгү, ички жарыктандыруусу бар, обочо турган жарнама түзүмү, жарнамалык аянты 3,0 метрге чейин бийиктикте болот.
Жарнамалык аянт пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
10.6.Панель-кронштейн – имараттар менен курулмаларга туурасынан, ошондой эле шаардын көчөлөрүн жарыктандырган түркүктөргө тикесинен орнотулган ички, же сырткы жарыктандыруусу бар, эки тараптуу жарнамалык түзүм.
Жарнамалык аянт пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
Панель-кронштейн ишкананын көрнөгү менен бир деңгээлде орнотулуп, өчүп күйүүчү булактары жок болууга тийиш. Бир тараптуу панель-кронштейндерди орнотууга жол берилбейт.
Панель-кронштейнди орнотуучу ишкананын кире бериш тарабынын узундугу 20 метрден кем болсо бирден ашык панель-кронштейн орнотууга жол берилбейт. Эгерде ишкананын кире бериш тарабынын узундугу 20 метрден ашык болсо кошумча панель кронштейн орнотууга уруксат берилет (кире бериш тарабынын ар бир 15 метр узундугунда).
Панель-кронштейндин төмөнкү бөлүгү жерден 2,5 метр бийиктиктен кем болбоого тийиш. Панель-кронштейн толугу менен, же жарым жартылай 2- кабаттын терезелеринин төмөнкү бөлүгүнөн жогору орнотулууга тийиш эмес.
Өлчөмү 1,2 м х 0,8 м, калыңдыгы 5 см кем эмес жана 20 см ашык эмес болууга тийиш.
10.7.Жарыя тактасы (афишалык такта) – тротуарларга жайгаштырылган 1 же 2 маалымат аянттары бар жарнамалык түзүм.
Жарыя такталары театрлардын, кино театрлардын репертуарлары, спорттук ж.б. массалык иш-чаралар коомдогу окуялар, маданий оюн-зоок, спорттук ден соолукту чыңдоочу мүнөздөгү маалыматтар менен жарнаманы жайгаштырууга багытталган атайын жарыя тактасы.
Жарыя такталарында жарыя материалдарынан тышкары тиешелүү иш-чаралардын демөөрчүлөрү жөнүндө маалымат камтылышы мүмкүн.
Жарыя тактасынын бир тарабындагы маалымат аянтынын өлчөмү 1,8 м х 1,75 м түзөт. Жарыя тактасынын маалымат аянты анын тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
Жарыя тактасынын пайдубалы эки түрдө болуусу мүмкүн: жер менен тең жана жерден жогорку. Жерден жогорку пайдубалды пайдаланган учурда пайдубал милдеттүү түрдө жарыя тактасынын дизайнына төп келген атайын форма боюнча декоративдүү материал менен беттелет.
10.8. Чакан форматтагы жарнама түзүмдөрүнө талаптар:
Пайдубалы эки түрдө болуусу мүмкүн: жер менен тең жана жерден жогорку.
Түзүм жогорку сапатта аткарылууга, узакка пайдаланууга, чогултуп кайра бузууда жөнөкөй, дат баспаган, бөөдө сындыруудан корголгон материалдардан болууга тийиш.
Айнек беттери коопсуз айнекти колдонуу менен жасалат.
Түзүмдүн металл элементтери дат басуудан 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ченемдик кепилдиги бар мезгил-мезгили менен сырдоону талап кылбаган, ысытылган цинк порошогун колдонуу менен сырдалуусу тийиш.
Чакан форматтагы каражаттардын шайкештик сертификаты болууга тийиш.
11.Орто форматтагы жарнама түзүмдөрүнө жарнамалык аянты 12 чарчы метрге чейинки төмөнкү жарнама түзүмдөрү кирет:
Жарнамалык аянт пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
12.1.Суперборд – жарнаманы жайгаштыруу үчүн атайын багытталган, сырткы аянты бар, обочо турган жарнама түзүмү.
Суперборддун бир тарабынын жарнамалык аянттын өлчөмү 12,0 м х 4,0 м түзөт.
Жарнамалык аянты пайдаланылган тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
12.2 Мегаборд (суперсайт) - жарнама жайгаштырууга атайын багытталган сырткы аянты бар, обочо такта тузүмү.
Суперсайттын маалымат талаасынын бир татабынан өлчомү 15,0 м х 5,0 м
Жарнама аянты пайдаланылган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
11.3.Жарык кутусу (лайтбокс) – имараттар менен курулмалардын кире бериш тарабына орнотулуучу, ички жарыктандыруусу бар жарнама түзүмү. Жарык кутучасы рама түрүндөгү конструкциядан турат жана маңдайкы бети жарнама алып жүрүүчү болуп эсептелет.
Жарнамалык аянты пайдаланылган аянт менен эсептелет.
Жарык кутусу имараттын кире бериш тарабынын үстүнө орнотулат жана 25 см жогору чыкпоого тийиш.
11.4.Маркиздер – бастырманын кырлары түрүндө жасалып, жарнамалык маалымат жайгаштырылуусу менен имараттар менен курулмалардын витриналарынын кире бериш тарабына, же оюкчаларынын үстүнө орнотулган сырткы жарнама жана маалымат каражаты. Маркиздер жумшак жана катуу негизде жасалуу менен имаратка бекитилүүчү элементтерден, маалыматтык аянттан турат.
Маркиздердин маалымат аянты тартылган сүрөттөрдүн өлчөмдөрү менен аныкталат.
Маркиздер биринчи жана экинчи кабаттын аралыгында, биринчи кабаттагы терезелердин үстүндө туурасынан жайгаштырылат. Маркиздер бир түзүмдүн өз ара байланышкан элементтери бар комплекс түрүндө жайгаштырылышы зарыл.
11.5.Орто форматтагы жарнамалык каражаттарга талаптар:
Пайдубалы жер бетинен чыкпай, жол бетинен ашпоого, газондон 150 мм ашыгыраак болбоосу тийиш.
Бурулуштун жалпы бийиктиги жол бетинин деңгээлинен 1,2 метрден жогору болбоого тийиш.
Ситибордду айнектөө үчүн материалдар коопсуздукту эске алуу менен колдонулуусу тийиш.
12.Чоң форматтагы жарнама түзүмдөрүнө жарнамалык аянты 36 чарчы метрге чейинки төмөнкү жарнама түзүмдөрү кирет:
12.1.Билборд (жарнама тактасы) – жарнама жайгаштырууга атайын багытталган сырткы аянты бар, обочо турган такта түзүмү.
Жарнама аянтынын өлчөму: 6,0 м х 3,0 м, 4,0 м х 9,0 м.
Тактанын жарнамалык аянты анын пайдаланылган тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
12.2.Чон форматтагы жарнама каражаттарына талаптар:
Жарнамалык түзүмдүн пайдубалы жол бетинен ашпоого, газондон 150 мм ашыгыраак болбоосу тийиш.
Бир тараптуу жасалган түзүмдүн арткы бети декоративдүү жасалгаланууга жана ички, же сырткы жарыктануусу болууга тийиш.
Өлчөмү 4,0 м х 9,0 м болгон түзүмдөр көчөлөрдү бөлүүчү тилкелерде гана жайгаштырылат.
Жер тилкелеринде орнотулган чон форматтагы түзүмдөр бир жылда бир жолудан кем эмес тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдардан техникалык кароодон өтүшү керек.
13. Ири форматтагы жарнама түзүмдөрүнө жарнамалык аянты 36 чарчы метр, же андан жогору жарнама түзүмдөрү кирет:
13.1 Арка - жарнаманы жайгаштыруу үчүн сырткы аянты бар, пайдубалдан, рамкадан жана жарнамалык аянттан түзүлгөн, обочо турган жарнама түзүмү.
Жарнама түзүмүнүн орнотулган жериндеги мамылардын аралыктары тиги же бул технологиялык, инженердик шарттарга жана жайгашкан жеринин көрүнүшүнө жараша өзгөрүлүп туруусу мүмкүн жана бул учурда түзүмдүн ушул түрүндөгү жарнама аянтынын өлчөмдөрүнө ири форматтагы жарнама каражаттарынын баардык талаптары таркатылат.
Арканын жарнамалык аянты анын пайдаланылган тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
13.4.Брандмауэрное панно (дубал паннолору) – терезе тешиктери, витриналары, архитектуралык деталдары, декоративдик дизайны жок имараттардын жана курулмалардын бош каптал бетине жайгаштырылган жарнама түзүмү, түрү:
-сүрөт, түздөн-түз дубалга тартылган;
-бекитүүчү элементтен, рамкадан жана жарнама аянтынан турган түзүм.
Дубал панносунун жарнама талаасынын аянты түзүмдүн, же түздөн-түз тартылган сүрөттүн өлчөмдөрү менен аныкталат.
Ташуу учурунда коопсуздукту сактоо максатында бекитүүчү элементтери бар брандмауэр паннолору үчүн түзүмдү бекитүүгө долбоор иштеп чыгуу милдеттүү болуп саналат.
Брандмауэр паннолору жарыктандырылышы керек.
13.5.Медиа-фасаддар – жарнамалык материалдарды көрсөтүүгө декоративдик архитектуралык деталдары жок имараттардын, курулмалардын дубалдарынын бетине, же дубалдын пластикасын кайталаган металл рамкага түздөн-түз жайгаштырылган ири форматтагы жарык өткөрүүчү жарнама түзүмү (дисплей).
Медиа-фасаддын конструкциясы металл, же полимердик тордон турат, ага интегралдык, светодиоддук аппараттар орнотулуп, сүрөттү көрсөтөт.
Медиа-фасаддын жарнама талаасынын аянты жарнама талаасынын өлчөмүнө жана көрсөтүлгөн сүрөттөрдүн санына жараша жекече аныкталат.
Жарнамалык түзүмдү медиа-фасад түрүндө жайгаштырууда терезелердин табигый жарыктандыруусу жана нормативдик инсоляциясы бузулбашы керек.
Конкреттүү имаратка медиа-фасадды жайгаштыруу үчүн аны ташуу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында бүтүндөй имараттын жарнама жасалгалоосунун комплекстүү дизайн-долбоору (эскизи) жана түзүмдүн (тордун) техникалык документтери иштелип чыгат.
Медиа-фасаддар авариялык өчүрүү системасы менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.
Күндүзгү убакта медиа-фасаддардагы сүрөттөрдү көрсөтүү динамикалык эффектерди колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Бирок түнкүсүн динамикалык эффектерди колдонуу менен медиа-фасаддарда сүрөттөрдү көрсөтүүгө тыюу салынат.
Түнкүсүн медиа-фасадтарындагы сүрөттү өзгөртүү 1 мүнөттө бир жолудан ашык эмес жүргүзүлүшү керек, сүрөттү өзгөртүүнүн узактыгы 10 секунддан ашык болушу керек жана жарыкты нөлгө чейин акырын азайтуу жана андан кийин жарыкты акырындык менен жогорулатуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
13.6.Стелы – юридикалык жактарды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүү үчүн пайдаланылуучу, көп ишти аткарган комплекстерди, соода жана оюн-зоок борборлорун жайгаштыруу жана иштетүү үчүн юридикалык жактар жайгашкан жерден тышкары жер тилкелерине же аларга жанаша жайгашкан аймактарга орнотулган, жарнаманы жайгаштыруу үчүн сырткы аянты бар, обочо турган жарнама түзүмү.
Стелалар пайдубалдан, түркөктөн, рамкадан, маалымат талаасынан турат жана ички, же тышкы жарыктандырууга ээ. Стеланын капталдарынын саны төрттөн ашпоого тийиш.
Стеланын төмөнкү түрлөрүн орнотууга уруксат берилет:
- чоң (бийиктиги 30 м);
- орто (бийиктиги 20 м);
- кичинекей (бийиктиги 15 м)
Стеланын пайдубалы тротуардын деңгээлинен же жер деңгээлинен чыгып кете албайт. Стела авариялык өчүрүү тармагы менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.
Жарнамалык аянты анын пайдаланылган тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
13.7.Ири форматтагы жарнама каражаттарына талаптар:
Ири форматтагы түзүмдөр сырткы жана ички жарыктандыруусу менен болууга тийиш.
Жер тилкелерине жайгаштырылуучу ири форматтагы тузүмдөргө белгиленген тартипте экспертизадан өтүүгө тийиш болгон долбоордук документация иштелип чыгат.
Жер тилкелерине жайгаштырылуучу ири форматтагы түзүмдөр тиешелүү иштерди өткөрүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарда жылына бир жолудан көп эмес техникалык кароодон өтүүгө тийиш.
14.Имараттын кире бериш тарабына, же чатырга орнотулуучу жеке долбоор боюнча даярдалган жарнама түзүмдөрү төмөндөгүдөй элементтерден турууга тийиш:
-жарнамалык аянт (тексттин бөлүгү) – ариптер, арип символдору, аббревиатуралар, сандар;
-көркөм элементтер (логотиптер, белгилер ж.б.);
-бекитилүүчү элементтери (мейкиндик торчолору).
Жарнамалык аянт жана көркөм элементтер, ички жарыктандыруу менен гана жабдылуусу тийиш.
Жарнама түзүмүнүн жарнамалык аянты түзүмдүн өлчөмдөрү менен аныкталат.
Имараттардын кире бериш тарабына же чатырына жайгаштырылуучу жарнамалык түзүмүндөгү өзүнчө ариптер менен логотиптерди орнотууда анын сүрөтүн алмаштыруу технологиясынын, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдүн, кыймылдуу бөлүктүн жардамы, ошондой эле медиалык технологияларды пайдаланууга жол берилбейт.
Жарнамалык түзүмдүн бийиктиги:
-1жана 2 кабаттуу объектилер үчүн 0,8 метрден ашпоого;
-3жана 5 кабаттуу объектилер үчүн 1,20 метрден ашпоого;
-6жана 9 кабаттуу объектилер үчүн 1,80 метрден ашпоого тийиш.
Эгерде жарнамалык түзүмдө товардык белги менен тейлөө белгисинин сүрөтү бар болсо айрым маалымат аянтынын, же чатырдагы жарнамалык түзүмдүн көрсөтүлгөн товардык белгилери, тейлөө белгилеринин сүрөтү кирген болсо анын бийиктиги пункта көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөн ашуусу мүмкүн, бирок 1/5 эседен көп эмес.
Объектинин чатырына орнотулуучу жарнама каражатынын узундугу ал орнотулуучу кире бериш тарабынын узундугунун 70% нан ашпоого тийиш.
Жарнамалык түзүмдүн бекитүүчү элементтери түзүмдүн капталы жана үстү боюнча периметринен чыкпоого тийиш. Чатырдагы жарнама түзүмүнүн маалыматтык аянтынын аралыгы парапеттен төмөнкү жагына чейин 1 метрден ашпоого тийиш. Өзүнчө ариптер жана логотиптер түрүндөгү жарнама түзүмдөрү үчүн орнотуу, чогултууда жана пайдаланууда коопсуздукту камсыз кылуу максатында милдеттүү түрдө жумушчу долбоордук документациясы иштелип чыгат.
Айрым ариптер жана логотиптер түрүндөгү жарнама түзүмдөрү электр тармагынан авариялык өчүрүү тармагы менен жабдылууга тийиш жана өрт коопсуздугунун жабдуулары менен жабдылып өрт коопсуздугунун башка талаптарына шайкеш келүүсү керек.
15.Жеке долбоор боюнча даярдалган стандарттык эмес жарнама түзүмдөрү – ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн башка форматтардан өзгөчө форматка ээ болгон жарнама түзүмү.
Жеке долбоорлор боюнча даярдалган стандарттык эмес жарнамалык түзүмгө көлөмдүү мейкиндик түзүмү кирет, андай жарнамалык түзүмдө жарнама маалыматын таркатуу үчүн объектинин көлөмү менен үстүнкү аянты пайдаланылат (анын ичинде аба шарлары, аэростаттар, көлөмдүү мейкиндик моделдери ж.б.). Көлөмдүү мейкиндик түзүмдөрүнүн маалыматтык аянты эсептөө жолу менен аныкталат.
15.1.Көтөрүп жүрүүчү жарнама түзүмдөрү – техникалык каражаттарды пайдаланбастан адамдар тарабынан бир орундан экинчи орунга которулуучу тышкы жарнама менен маалыматтын убактылуу каражаттары.
Жарнамалык аянт көтөрүп жүрүүчү түзүмдүн жарнамалык аянтынын өлчөмүнө байланыштуу болот.
Көтөрүп жүрүүчү жарнама түзүмдөрү жөө жүрүүчү аймактарда жана жөө жүрүүчү жолдордо пайдаланууга жол берилет. Көтөрүп жүрүүчү жарнама түзүмдөрүн жөө жүрүүчүлөргө жолтоо жаратып, жолдун бөлүгүн көрүүгө жолтоо болсо пайдаланууга тыюу салынат.
15.2.Проекциялык жабдуу – сүрөттөрдү жерде, дубалдардын боорунда, же башка көлөмдө жарнама сүрөтүн калыптандырууга багытталган сүрөттөрдү чагылдырылуучу жарнама түзүмдөрү.
Жердеги, же дубал боорундагы маалымат аянты проекциялык беттин өлчөмдөрү менен ал эми көлөмдүү сүрөттөдүн аянты эсептөө жолу менен аныкталат.
Проекциялык жабдууларды жайгаштырууга жер тилкелери сыяктуу эле имараттарга жана курулмаларга жайгаштырууга жол берилет.
15.3.Электрондук экрандар (электрондук табло) – жарык берүүчү диоддордун, лампочкалар менен жарыктын башка булактары же жарык чагылдырылуучу элементтердин эсебинен экрандын бетине сүрөттү чагылдырууга багытталган түзүм.
Экрандар обочо турган түзүм, же болбосо имараттар менен курулмалардын дубалдарына жана чатырларына жайгаштырылуучу түзүм катары жайгаштырылышы мүмкүн.
Электрондук таблонун жарнамалык аянты берилип жаткан сүрөттөрдүн саны, же жарнамалык аянттын өлчөмү менен өзүнчө эсептөө жолу аркылуу аныкталат.
Электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү сүрөттөрдү көрсөтүү динамикалык таасирлерди, аудио чыгармалар камтылган сүрөттөрдү пайдаланбай статикалык сүрөттөрдүн технологияларын пайдалануу менен жүргүзүлүүгө тийиш (медиафасаддардан тышкары). Жарык мезгилде сүрөттөрдүн алмашуусу 5 секунддан кем болбоого, сүрөттү алмаштыруунун узактыгы 2 секундадан көбүрөөк болуусу жана анын жарыктыгын нөл маанисине чейин пландуу төмөндөтүү жана жарыкты кийинки пландуу жогорулатуу жолу аркылуу жүргүзүлөт.
Сүрөттү караңгы мезгилде алмаштыруу 5 секунддан кем болбоого, сүрөттү алмаштыруунун узактыгы 2 секундадан көбүрөөк болуусу жана анын жарыктыгын нөл маанисине чейин пландуу төмөндөтүү жана жарыкты кийинки пландуу жогорулатуу жолу аркылуу жүргүзүлөт.
Электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү сүрөттөрдү караңгы мезгилде көрсөтүү учурунда ак түстү (фонду) пайдаланууга жол берилбейт.
15.4.Курулуш объектилериндеги жарнама – курулуш, же реконструкцияланып жаткан объектилердин убактылуу тосмолорунда, же курулуп, реконстркуцияланып жаткан имараттын маңдайкы бетине жайгаштырылуучу жарнама.
Жарнаманын аянты түзүмдүн өлчөмдөрү же тартылган сүрөттүн өлчөмдөрү менен аныкталат.
Кошумча жасалгалоо иретинде жүргүзүлүп жаткан курулушта анын мурдагы тарыхый орду жөнүндөгү графикалык сүрөттөр менен фото документтер пайдаланылышы мүмкүн.
Курулуш аянтынын тосмосуна жайгаштырылуусу мүмкүн: жер бетинен 0,3 метрден кем эмес бийиктиктеги бир бүтүн лента орнотулган көркөм жасалгалоо, жарнама, социалдык плакат, ж.б. маалымат. Жарнама түзүмүнүн бийиктиги долбоор менен аныкталып, объектини куруу учурунда жолтоо болбошу керек.
15.5. Стандарттуу эмес жарнама түзүмдөрүнө талаптар архитектуралыктехникалык документация менен бекемделет.
VI. Жалпы талап жарнамалык иш-кагаздыр алуу боюнча
16. Архитектуралык-техникалык кортунду (АТК) жарнамалык каражаттарын орнотуу иш-кагаздарын архитектура органы, тагыраак айтканда Кара-Суу шаарынын шаар куру жана архитектура боюнча башкармалыгы, тарабынан берилет.
16.1. Жеке же юридикалык жактар жарнамалык обьектисин орнотуу боюнча ишкагаздарын (АТК) алуу үчүн “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча Кара-Суу шаарынын шаар куру жана архитектура боюнча башкармалыгына кайрылат.
17. Эгерде орнотулуучу жарнак каражаты Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндөгү”, “Шаар курулушу жана архитектура жөнүндөгү” мыйзамдарга жана нормативдик укуктук актылардын ылайык келген учурда Кара-Суу шаарынын шаар куру жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 14 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө архитектуралык-техникалык кортунду (АТК) иш-кагаздары даярдалып берилет.
18. Архитектуралык-техникалык кортунду (АТК) 1 (бир) жылдык мөөнөт менен мөөнөтүн узартуу шартында берилет.
VII. Маалыматтык жана жарнамалык жалпы түзүмдөргө талаптар
19. Мады айыл аймагында жайгаштырылган маалыматтык-жарнамалык курулмалар техникалык регламенттердин, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин, мамлекеттик стандарттардын, архитектуралык-техникалык документтердин талаптарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарына жана башка талаптарга ылайык даярдалган жана орнотулушу керек. Кара-Суу шаарынын тышкы архитектуралык-көркөм көрүнүшүн бузбоого жана маалыматтык-жарнамалык конструкциялардын эстетикалык мүнөздөмөлөрү алар жайгашкан объекттин стилине ылайык келишин камсыз кылууга тийиш.
Түзүмдөрдү даярдоодо колдонулуучу материалдар заманбап сапат талаптарына жооп бериши керек.
19.1 Мады айыл аймагында социалдык объектилердин маалыматтык түзүмдөрү азиз жана көрүүсү начар адамдар маалыматка жетүү үчүн Брайл шрифти менен кайталанышы зарыл.
20. Мады айыл аймагында маалыматтык-жарналык түзүмдөрүн жайгаштырууга жана маалыматты жана жарнактарды жайылтууга архитектуралыктехникалык документтер жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксат болгон учурда гана жол берилет.
21. Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүнүн сырткы көрүнүшү бүтүндүккө ээ болууга тийиш; тыкан боѐлгон рамкалар; кечки убакта жарыктануусу бар түзүмдөр. Мындан тышкары түзүмдүк элементтерде боштуктар, дат жана кир, ашыкча элементтер (аркан ж.б.), чапталган жарнактар жана башка маалымат билдирүүлөр, механикалык бузулуулар, жарнама полотносунун айрылышына, ошондой эле бардык болүктөрүндө жана түзүмдүк элементтеринде бөтөн жазуулардын жана сүрөттөрдүн болушуна жол берилбейт. Түзүмдүк элементтери жашырылган же эстетикалык жактан иштелип чыккан көрүнүшкө ээ болушу керек.
22.Түзүмдөрдү тийиштүү формага келтирүү муктаждыгына жараша менчик ээлери тарабынан туруктуу негизде жүзөгө ашырылат.
23.Көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында тышкы жарнама каражаттарында жарнама жок болгон учурда жарнаманы таратуучу социалдык жарнаманы жайгаштырууга милдеттүү.
24.Мады айыл аймагында айрым түзүмдөрдө маалыматты же жарнаманы жайгаштыруу, алмаштыруу түн ичинде (саат 22:00дөн 06:00гө чейин) жүргүзүлүшү керек.
25.Коомдук жайларда жарнама түзүмдөрүнүн иштеши жөө жүргүнчүлөрдүн эркин өтүшүн, көчөлөрдү жана тротуарларды тазалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
26.Жарнама түзүмдөрүнүн конструкциялык бекемдөөчү жана бекитүүчү элементтери (болттуу байланыштар, таяныч элементтери, технологиялык жоолуктар ж.б.) жасалгалоочу элементтер менен жабылууга тийиш.
27.Тышкы жарнаманын жана маалымат каражаттарынын ээлери Кара-Суу шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында, анын ичинде электрондук сүрөтү бар жарнама түзүмдөрү өзгөргөн учурда, Кара-Суу шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын талаптарына ыкчам чара көрүүгө милдеттүү. Турак жай жана коомдук имараттарды табигый, жасалма жана айкалыштырылган жарыктандыруу талаптарын бузуу менен технология аныкталган, эксплуатацияланган, жарнама түзүмдөрүнүн менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси аныкталган бузууларды жоюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде аныкталган бузууларды четтетүү мүмкүн болбосо, жарнама түзүмүнүн менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси сүрөттү өзгөртүү технологиясын өзгөртүүгө милдеттүү.
28.Жол кыймылынын коопсуздугунун талаптары
28.1.Жарнама түзүмдөрү тийиш эмес:
-жол кыймылын уюштуруучу техникалык каражаттардын көрүнүшүн далдаалап чектеши, же кыймылдын катышуучуларынын кабылдашына таасир этип, жолтоо болууга;
-жол кыймылынын катышуучуларын жарыгы менен, анын ичинде түзүмдөн чагылышуу аркылуу көздү тайгылдырууга;
-инженердик курулмалардын асма курамына жайгаштырууда алардын өлчөмдөрүн кичирейтүүгө;
-жөө адамдардын кабылдашы үчүн, тактап айтканда алар сүрөттү көрүү үчүн жолго чыгууга мажбур болгудай жайгаштырылууга;
-угуусу жакшы адамдарга автомобиль жолдорунун чектеринде угулушу мүмкүн болгон үндү чыгарууга.
28.2.Жарнама аянтына жараша жолдун бир капталына жайгашкан жарнама түзүмдөрүнүн аралыктары кем болбоого тийиш:
-6 чарчы метрге чейин – 20 метр;
-12 чарчы метрге чейин – 60 метр;
-12 чарчы метрден 18 чарчы метрге чейин – 100 метр
-18 чарчы метрден жогору – 150 метр.
28.3.Жарнама түзүмдөрүн жол боюнда жайгаштырууда жолдун четине чейинки аралык 3 метрден кем болгон учурда түзүмгө автоунаалардын урунушунун алдын алуу үчүн жол тосмолору орнотулушу тийиш.
28.4.Жарнамалык, же маалыматтык тактанын жол бетинен, болбосо жер бетинен бийиктиги 2,5 метр, ал эми жолдун үстүнө орнотула турган болсо 4,5 метрден кем болбоосу тийиш.
28.5.Жарнаманы ички, же сырткы жарыктандырууда жарык берүүчү жабдуулар жарыктын жол бетине тикелей тийишине мүмкүндүк бербегидей болуп орнотулууга тийиш.
28.6.Жарнама түзүмдөрү менен светофорго чейинки аралык таблицада көрсөтүлгөндөн кем болбоого тийиш:
Кыймылдын ылдамдыгы | Жарнама түзүмдүн аянты (чарчы метр) | |||
| 18ден жогору | 12ден 18ге чейин | 6дан 12ге чейин | 6дан аз |
60 | 100 | 60 | 40 | 25 |
29.Түрлөрү боюнча жарнама түзүмдөрүн аймактык жайгаштырууга талаптар.
29.1.Мады айыл аймагында түрлөрү боюнча жарнама түзүмдөрүн жайгаштырууга талаптар жарнама түзүмүнүн, же кыймылсыз мүлк ээсинин ээлик кылууларынын түрлөрүнө карабастан шаардын аймагына орнотулган жарнама түзүмдөрүнүн баардыгына колдонулат.
29.2.Ушул Эрежеде көрсөтүлгөн тиешелүү аймактарга анда жайгашкан жалпы пайдаланылуучу жолдун бөлүктөрү, кыймылсыз мүлк (имараттар, курулмалар), стационардык эмес объектилер кирет.
29.3.Ушул Эрежеге ылайык ар бир аймактар үчүн айрым түзүмдөрдү ошол аймактарга жайгаштырууда шарттуу бөлүүлөргө жол берилет:
30. Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултуу, бузуу жана пайдалануу учурундагы талаптар.
30.1.Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултуу, бузуу жана пайдалануу боюнча иштер архитектуралык-техникалык документацияга ылайык аткарылууга тийиш.
30.2.Жер тилкелерине жайгаштырылуучу маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүнүн пайдубалы жана аларды орнотуудагы башка жер иштерин өткөрүү белгиленген тартипте иштелип чыккан жер иштеринин өндүрүшүнө ордердин негизинде жүргүзүлөт.
30.3.Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултуу учурунда жолдун, же көчөнүн бир бөлүгүн ээлөө үчүн убактылуу тосуу жөнүндөгү маалымат жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү аймактык бөлүмгө иш башталганга чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.
30.4.Түзүмдүн ээси, же мыйзамдуу ээси жарнама түзүмдөрүн чогултуп, же бузуп бүткөндөн кийин 4 суткадан ашык эмес мөөнөттө аймакты көрктөндүрүп жана объектини калыбына келтирүүгө милдеттүү:
30.5.Түзүмдүн ээси, же мыйзамдуу ээси маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултууда, бузууда жана пайдаланууда шарттарды бузуунун негизинде пайда болгон баардык коопсуздук эрежелерине, ошондой эле бузулуу жана авариялык кырдаалдар үчүн жоопкерчиликтүү.
30.6. Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн чогултуу боюнча иштер аяктагандан кийин түзүмдүн ээси, же мыйзамдуу ээси үч күн аралыгында ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.
VIII.Маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн жайгаштырууга байланышкан чектөөлөр.
31.Мады айыл аймагында маалыматтык жана жарнама түзүмдөрүн жайгаштырууга жана пайдаланууга тыюу салынат:
Жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары менен атайын белгилери, ошондой эле жолдо бараткан жөө адамдарга, унаа каражаттарына жаныбарлардын ж.б. нерселерге, объектилерге окшоштугу бар (сырткы көрүнүшү, сүрөтү, же үн белгилери боюнча) жол-унаа кырдаалын баалоону кыйыңдаткан кырдаалда;
Жол кыймылын жөнгө салууга багытталган жол белгилери, светофор түркүктөрү, же башка ар кандай жабдуулардын бир түркүктө жайгашышына;
Жолдордун авариялык коопту тилкелеринде;
-темир жол өткөөлдөрүндө жана ага 50 метрден жакыныраак жайгашкан белгилерди. Бул учурда темир жол өткөөлдөрүнө белгилерди жакын жайгаштыруу темир жол башкармалыгынын тиешелүү органы менен макулдашкан учурда мүмкүн;
-ар кандай деңгээлдеги унаа түйүндөрүнүн, көпүрөлөрдүн, темир жол көпүрөлөрүнүн чектеринде, ошондой эле алардан 50 метрден кем аралыкта жайгаштырууга;
-учурдагы колдонулуп жаткан мамлекеттик стандарттар менен ченемдик актыларга ылайык аныкталган “Трансорт-транспорт” жана “Транспорт-жөө адам” үч бурчтуктарынын көрүнүшүнүн чектеринде;
-жол тосмолорунда жана багыттоочу жабдуларда;
-көчөлөр менен жолдордун 4% эңкейиши бар бөлүктөрүндө;
-каттам унаа каражаттарынын аялдамаларына 25 метрден жакын;
-өзүнө кыймылдуу элементтерди, сүрөттөрдү камтыган, айрыкча бүтүндөй жарнама, же маалымат бир убакта толугу менен көрүнбөй жол кыймылынын катышуучуларына окулуу убактысы созулуу менен пайдаланууга тыю салынат;
-автомобиль жолдорунун жөө адамдар басуучу жолдордун, унаа каражаттарынын токтоочу аянттарынын, имараттан тышкаркы жөө адамдар басуучу башка жайлардын үстүнө, чарба жүргүзүүчү субъектер, товарлар, иштер, тейлөөлөр, соода объектилери ж.б. ушул сыяктуу маалымат жөнүндө курулуш материалдарын, сырларды, жол белгилерин пайдалануу менен чачыратуу аркылуу жарнамаларга жана сүрөттөргө жазууга;
-шаарды гүлдөр менен жасалгалоо үчүн пайдаланылуучу аймактарда, ошондой эле жөө адамдар жүрүүчү жолдорго орнотуудан, ошондой эле аларды механикалаштыруу жолу менен тазалоо үчүн 2 метрден кем болбогон учурда;
-сырткы (көчөлөрдөгү) жер алдындагы жана жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү түзүмдөрдө; -алмаштырылып туруучу жарнама билдирүүлөрүн жайгаштырууга багытталган имараттардын кире бериштеринде;
-турак жайлардын терезелерине тикелей багытталган нурлары өтө жарык, же өчүп күйүп турган жарыктандырууну орнотууга;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген текстти, маалыматты камтыган сүрөттөрдү;
-жер алдындагы коммуникациялардын үстүнө;
-жөө адамдардын жүрүшүнө, көчөлөрдү жана жөө адамдар басуучу жолдордо тоскоолдуктарды түзүүгө электр жарыгын берүүчү мамылар менен түркүктөргө, тосмолорго, дубалдарга, жөлөнгүчтөргө, дарбазаларга жана бак-дарактарга жарнама менен маалыматты, ошондой эле плакаттарды, башка сүрөттөрдү мүмкүн болгон жеткиликтүү ыкма менен чаптоого, же бекитүүгө;
-жарык берүүчү коробкалар менен айнектелген витриналарды алмаштыруу;
-электрондук алып жүрүүчүлөрдү- экрандарды айнектелген витринанын баардык бийиктигинде жана узундугунда витрина түзүмдөрүндө башка жабдуулар менен алмаштырууга;
-көлөмдүү тамгалар менен логотиптерди жайгаштыруудан башка учурларда терезе, эшиктерди, витриналарды, витраждарды сыртынан толук, же айрым жабылуусуна;
-объектилердин кире беришиндеги архитектуралык бөлүктөргө (анын ичинде лоджияларда, балкондордо, түркүктөрдө, тепкичтердеги жөлөнгүчтөргө, оймолорго;
-мемориалдык такталардан 10 метрден кем аралыкта; -көчөлөрдүн жана үйлөрдүн номерлеринин аталыштарынын көрнөктөрүнүн жабылышына;
-үйдүн, имараттын кире беришине декоративдүү-көркөм жана тексттин сүрөтүн көрнөк түрүндө тартууга (ушул эрежелерде каралбаган башка ыкмалар менен сырдоого);
-сүрөттөрдү алмаштыруунун динамикалык тармактарындагы постерлерди көрсөтүүнүн (роллердик тармактар, призматрондор ж.б.), же электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү көрсөтүлүп жаткан сүрөттөрдүн жардамы аркылуу көрнөктөрдү көрсөтүүгө (экран, жүгүртмө саптар ж.б.);
-текст, товардык белги, ушул жазылышта катталган тейлөө фирмасынын логотиби, же белгиси бар кирилица менен жазылган кыргыз орус тилдериндеги тексттер жазылган учурдан тышкаркы учурларда чет элдик аталыштардын латын тамгасы менен жазылышы;
-жумшак негизде жасалып, пайдалануудагы электр түркүктөрүнө жолдун үстүнө тартылган транспаранттар, кермелер;
-маалымат менен жарнама жайгаштырылбаган түзүмдөргө, сүрөттөрдү алмаштыруу боюнча иштерди өткөрүүгө кеткен убакыттан тышкары, бирок 3 сааттан ашык эмес;
-геометриялык өлчөмдөрүн бузуу менен; -белгиленген талаптарды бузуу менен; -маалымат аянтында тамгаларды тикелей жайгаштыруу менен;
-чатырын кошо алганда биринчи жана экинчи кабаттын ортосунан жогору эмес; -имараттардын чатырынын кырларына;
-эшик-терезелерди, ошондой эле витраждар менен витриналарды толук жабуу (калкалоо); -чатырларда, лоджиялардын, балкондордун чатырында жана алардын өзүндө;
-дубалдагы көрнөктөрдүн биринин үстүнө бирин;
-айнектелген витриналардын бетин сырдоо, же аларга декоративдүү пленкаларды чаптоо;
-картонду, кездемени, баннердик кездемени пайдалануу менен жасалган көрнөктөрдү (афишадан тышкары);
-обочодо турган чогултулуп-бузула турган (жыйналуучу) түзүм – штендер түрүндөгү көрнөктөрдү;
-курулушу бүтпөгөн объектилердин сырткы беттериндеги көрнөктөрдү.
IХ. Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү бузуу
32.1.Белгиленген талаптарга ылайык келбеген маалыматтык жана жарнамалык түзүм аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган аныкталган түзүм жөнүндө маалыматты Кара-Суу шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы Муниципалдык менчик башкармалыгына жөнөтөт.
32.2.Түзүмдү белгиленген талаптарга ылайык келтирүү анын ээсинин жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Ыктыярдуу түрдө түзүмдү бузуу анын ээси тарабынан объектинин жайгашуучу орду объект жайгаштырылганга чейин кандай абалда болсо, түзүм бузулгандан кийин ал орунду алгачкы көрүнүшүндөгү калыбына келтирүү жолу менен ишке ашырылат.
32.3.Эгерде түзүм анын ээси тарабынан ыктыярдуу түрдө белгиленген мөөнөттө бузулбаган болсо, маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү бузууну жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.
32.4.Бузулган маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү сактоо үчүн атайын уюштурулган жайга жөнөтүү иштери ага бузулган күнү, материалдык баалуулугу жана өткөрүп берүү, өткөрүп алуу актысын түзүү менен 30 жумушчу күндөн ашпаган убакытка сактоону ишке ашырат.
Бузуу жана сактоо боюнча аткарылган иштердин чыгымдары жергиликтүү♦ өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн ээсинин, же башка мыйзамдуу ээсинин эсебинен толукталат.
Түзүмдүн ээси, же башка мыйзамдуу ээси тарабынан мажбурлоо иретинде түзүмдү бузуу, сактоо үчүн атайын уюштурулган жайга жөнөтүү иштерине кеткен чыгымдардын орду толтурулгандан кийин түзүм белгиленген тартипте ээсине кайтарылат.
32.6.Эгерде маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн бузулган күнүнөн 30 жумушчу күндөн ашык убакыт өткөндөн кийин маалыматтык жана жарнамалык түзүмдүн мыйзамдуу ээси сактоочу жайдан түзүмдү алып кетпесе Кара-Суу шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы болгон Муниципалдык менчик башкармалыгы түзүмдү ээсиз деп табуу жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.
Эгерде алынып кетпеген маалыматтык жана жарнамалык түзүм сот тарабынан ээсиз деп табылса, ал муниципалдык менчикке өтөт.
32.7.Мажбурлоо иретинде бузуу, сактоо үчүн атайын уюштурулган жайга жөнөтүү учурунда жергиликтүү оз алдынча башкаруу органы түзүмдүн сакталышына, андагы жабдуулар менен башка мүлктүн абалына жоопкерчиликтүү эмес.
X. Ушул Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик
33. Маалыматтык жана жарнамалык түзүмгө уруксаты жок, же техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузуу менен маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыргандыгы үчүн түзүмдүн ээлери Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.
33.1. Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жакшы абалда кармоого, түзүмдөрдүн сырткы көрүнүшүнө талаптардын бузулгандыгы жана башка ушул Эрежелердин бузулушуна жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске, башка ченемдик-укуктук актыларга жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдарынын мүлкү болгон жарнама түзүмүн жайгаштырууга жана пайдаланууга ылайык жоопкерчилик түзүмдүн ээлерине (юридикалык тараптар, кызмат адамдары жана жеке адамдар) жүктөлөт.
Жоопкерчилик чараларын колдонуу бузуучулардын кетирилген кемчиликтерди жоюу милдеттенмелеринен бошотпойт.
Мады айылдык
кеңешинин төрагасы Б.Мадазимов