Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ
XXXII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 4-сентябры № 220
“Мады айыл аймагына караштуу Лаглан айылындагы №35 Лаглан орто мектебине караштуу Кызыл-Ой башталгыч филиалына класс ачуу жөнүндө”
Мады айыл аймагына караштуу Лаглан айылындагы №35 Лаглан орто мектебине караштуу Кызыл-Ой башталгыч филиалынын 2024-2025-окуу жылында баланын жалпы саны 9 окуучу жана даярдоо класста 4 окуучу бар. Жогорудагы окуучулар Кызыл-Ой участкасынан Лаглан орто мектебине келүү үчүн тоолуу, шарты оор жана 5 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан жаз, жай, күз мелгилдеринде жолдун татаалдыгынан барып келүү мүмкүн болбогондугу жөнүндө мектеп директору Р.Осоевдин Лаглан орто мектебинин Кызыл-Ой филиалына класс ачып берүү жана Лаглан орто мектебинде 1-класста (8 окуучу), 2-класста (15 окуучу), 3-класста (11окуучу), 5-класста (2 окуучу) 6-класста (12 окуучу), 7-класста (15 окуучу), 8-класста (13 окуучу), 10-класста (14 окуучу) класстарында окуучулардын саны талапка жооп бербегендиги жөнүндө жазган арызынын негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл аймагына караштуу Лаглан айылындагы №35 Лаглан орто мектебине караштуу Кызыл-Ой филиалын ачууга уруксат берилсин.
2. №35 Лаглан орто мектебине 1-2-3-5-6-7-8-10 класстарын ачууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий маселелер, жаштар иштери, спорт жана илим билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Абдыкадырова жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |