Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ
XXXII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 4-сентябры № 221
“Мады айыл өкмөтүнүн айыл чарбасынын мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара төлөмдөр боюнча маалыматы”
Мады айыл өкмөтүнүн айыл чарбасынын мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара төлөмдөр боюнча Мады айыл өкмөтүнүн ижара төлөмдөрү боюнча эсепчиси К.Абдимуталиповдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн ижара төлөмдөрү боюнча эсепчиси К.Абдимуталиповдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарбасынын мамлекеттик фондунун ижара төлөмдөрүнөн карызы бар жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде ижара акыларын өндүрүүнү Мады айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика жана айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |