Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 817
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кубаттуулугу 200 МВт күн электр станциясын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 13-майындагы № 04-01/2559 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын аймагында, № 534 (1,18 га), № 655 (8,56 га), № 656 (9,76 га), № 660 (1,48 га), № 661 (6,93 га), № 666 (32,95 га), № 667 (8,06 га), № 669 (1,40 га), № 670 (12,56 га), № 671 (0,55 га), № 672 (1,10 га), № 674 (0,85 га), № 675 (14,70 га), № 677 (2,56 га), № 678 (1,05 га), № 679 (1,77 га), № 680 (4,42 га), № 684 (29,0 га), № 685 (0,95 га), № 687 (1,80 га), № 688 (4,29 га), № 689 (2,13 га), № 690 (0,78 га) контурларда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 148,83 га кайрак айдоо жерлери кубаттуулугу 200 МВт күн электр станциясын куруу үчүн "'Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
3) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөөнү;
4) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
5) көрсөтүлгөн жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалга келтирүү менен көрсөтүлгөн жерлердин менчик ээсине/жерди пайдалануучуга карата Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн жерлерди алып коюуну караган чараларды көрүүнү;
6) көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |