Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-январы № 5
Стандартташтыруу жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында стандартташтыруунун, анын ичинде улуттук стандартташтыруу системасынын иштешинин укуктук негиздерин белгилейт жана стандартташтыруу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылууга багытталган.
Ушул Мыйзам стандартташтыруунун продукциясына жана башка объекттерине карата талаптарды иштеп чыгууда, белгилөөдө жана колдонууда стандартташтыруу чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) шайкеш келтирүү - илим жана техникадагы эң жаңы жетишкендиктерди чагылдырган жана стандартташтыруу объекттеринин сапатынын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлине карата заманбап талаптарды аныктаган эл аралык жана регионалдык стандарттарды улуттук кызыкчылыктарда киргизүү жана пайдалануу үчүн шарттарды түзүү иши;
2) продукцияны каталогдоштуруунун мамлекеттик системасы (ПКМС) - мамлекеттик органдарды, ишканаларды жана уюмдарды республикада чыгарылган продукциянын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөлөрү, анын даярдоочулары жана продукция бериле турган стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө ар тараптуу жана так маалымат менен камсыз кылуу боюнча уюштуруу-техникалык маалыматтык система;
3) техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтын мамлекеттик классификатору (мындан ары - мамлекеттик классификатор) - техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты анын классификациясына (класстарына, топторуна, түрлөрүнө жана башкаларга) ылайык бөлүштүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик маалыматтык системаларда жана ведомстволор аралык маалымат алмашууда колдонуу үчүн милдеттүү болуп саналган стандартташтыруу боюнча документ;
4) стандартташтыруу боюнча документ - ыктыярдуу жана көп жолу колдонуу үчүн стандартташтыруу объектинин жалпы мүнөздөмөлөрү, ошондой эле стандартташтыруу объектине карата эрежелер менен жалпы принциптер белгиленүүчү документ;
5) улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси - кызыкдар жактарга улуттук стандартташтыруу системасына таандыктыгы жөнүндө маалымдоо максатында улуттук стандартташтыруу системасынын документтерин маркалоо үчүн колдонулган белги, аны менен улуттук стандартка ылайык келүүчү продукция жана (же) мындай продукцияга тиркелген эксплуатациялык же башка документтер да маркаланышы мүмкүн;
6) стандартташтыруу чөйрөсүндөгү маалыматтык система - Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан түзүлүүчү, маалыматты жыйноону, иштеп чыгууну, сактоону, жайгаштырууну, пайдаланууну жана берүүнү камсыз кылуучу маалыматтык технологиялардын жана техникалык каражаттардын негизинде иштөөчү стандартташтыруу боюнча маалыматтык система;
7) маалыматтык-техникалык маалымдама - белгилүү бир жааттагы системалаштырылган маалыматтарды камтыган жана технологиялардын, процесстердин, методдордун, ыкмалардын, жабдуунун сыпаттамаларын жана башка маалыматтарды камтыган улуттук стандартташтыруу системасынын документи;
8) стандартташтыруу боюнча документтердин маалыматтык көрсөткүчү - стандартташтыруу боюнча кабыл алынган документтер, алардагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты, ошондой эле аларды колдонууга киргизүү мөөнөттөрүн жана кошумча маалыматты камтыган, мезгил-мезгили менен басып чыгарылуучу көрсөткүч;
9) каталогдук барак - продукциянын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөлөрү жөнүндө анык маалыматты камтыган документ;
10) эл аралык стандарт - стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм тарабынан кабыл алынган жана керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү болгон стандарт;
11) мамлекеттер аралык стандарт - Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана тастыктамалоо боюнча мамлекеттер аралык кеңеши тарабынан кабыл алынган регионалдык стандарт;
12) Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду - техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу чөйрөлөрүндө жалпы пайдалануудагы мамлекеттик маалыматтык ресурс;
13) улуттук стандартташтыруу системасы - стандартташтыруу системасынын катышуучуларынын жана алардын стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамилелеринин, жалпыга жеткиликтүү болгон мамлекеттик маалыматтык ресурстун объекттери болуп саналган стандартташтыруу боюнча документтердин жыйындысы;
14) Кыргыз Республикасынын улуттук стандарты (мындан ары - улуттук стандарт) - Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан кабыл алынган стандарт;
15) чет мамлекеттин улуттук стандарты - чет мамлекеттин стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан кабыл алынган стандарт;
16) чет мамлекеттердин улуттук классификаторлору - башка мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдары тарабынан кабыл алынган стандартташтыруу боюнча документтер;
17) стандартташтыруу объекти - стандартташтырылууга тийиш болгон продукция, кызмат көрсөтүүлөр, процесстер, айрым иштерди аткарууда, белгилүү кызматтарды көрсөтүүдө персоналдын компетенттүүлүгү, ошондой эле шайкештикти баалоо органдарынын персоналынын компетенттүүлүгү, менеджмент системалары, терминология, символика (шарттуу белгилер), шайкештикти баалоо жол-жоболору, изилдөө (сыноо) жана өлчөө (анын ичинде үлгүлөрдү тандоо) методдору, маркалоо;
18) Кыргыз Республикасынын негиз болуучу улуттук стандарты (мындан ары - негиз болуучу улуттук стандарт) - улуттук стандартташтыруу системасынын жалпы уюштуруу-методикалык жоболорун белгилөөчү жана кеңири колдонуу чөйрөсүнө ээ болгон же белгилүү бир стандартташтыруу чөйрөсү үчүн жалпы жоболорду камтыган стандартташтыруу боюнча документ;
19) стандартташтыруу боюнча документти расмий басып чыгаруу - улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси коюлган стандартташтыруу боюнча документтин басылган же электрондук текстинин Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду тарабынан жарыяланышы (аскердик улуттук стандарттар менен уюмдардын стандарттарын кошпогондо);
20) стандартташтыруу эрежелери - негиз болуучу улуттук стандарттардын айрым жоболорун толуктаган же айкындаган, ошондой эле стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүнүн жана мындай иштердин натыйжаларын тариздөөнүн тартибин жана методдорун аныктаган уюштуруу жана методикалык мүнөздөгү жоболорду камтыган стандартташтыруу боюнча документ;
21) Кыргыз Республикасынын алдын ала улуттук стандарты (мындан ары - алдын ала улуттук стандарт) - Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан бекитилген стандартташтыруу боюнча документ, анда жалпы колдонуу үчүн стандартташтыруу объектинин жалпы мүнөздөмөлөрү, ошондой эле анын негизинде улуттук стандартты андан ары иштеп чыгуу үчүн алдын ала улуттук стандартты колдонуу процессинде тажрыйба топтоо максатында стандартташтыруу объектине карата чектелген мөөнөткө эрежелер жана жалпы принциптер белгиленет;
22) улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программасы - стандартташтыруу системасын өнүктүрүүнү караштыруучу, улуттук стандартташтыруу системасынын катышуучулары тарабынан иштелип чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү документ;
23) улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программасы - Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү, стандартташтыруу боюнча документтерди иштеп чыгууну караштыруучу документ;
24) ачык оферта - жактардын аныкталбаган чөйрөсүнө арналган, ушул продукциянын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрүн камтыган продукцияны (кызмат көрсөтүүлөрдү) сунуштоо;
25) регионалдык стандарт - стандартташтыруу боюнча регионалдык уюм тарабынан кабыл алынган стандарт;
26) регионалдык (анын ичинде мамлекеттер аралык) классификатор - стандартташтыруу боюнча регионалдык уюм тарабынан кабыл алынган стандартташтыруу боюнча документ;
27) регионалдык эрежелердин жыйындысы - регионалдык уюм тарабынан кабыл алынган эрежелердин жыйындысы;
28) стандартташтыруу боюнча рекомендациялар - стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө тиешелүү болгон жана улуттук стандартта же алдын ала улуттук стандартта белгиленгенге чейин практикада алдын ала текшерилүүчү тиешелүү улуттук стандартты же болбосо жобону колдонууга көмөк көрсөткөн уюштуруу жана методикалык мүнөздөгү маалыматты камтыган стандартташтыруу боюнча документ;
29) эрежелердин жыйындысы - жабдууну, конструкцияларды же буюмдарды долбоорлоонун, даярдоонун, куроонун, техникалык тейлөөнүн же эксплуатациялоонун техникалык эрежелерин же жол-жоболорун камтыган документ;
30) чет мамлекеттин эрежелеринин жыйындысы - чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан кабыл алынган эрежелердин жыйындысы;
31) стандарт - ыктыярдуу жана көп жолу колдонуу үчүн стандартташтыруу объектинин мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле стандартташтыруу объектине карата принциптерди жана эрежелерди камтыган жана белгилүү бир чөйрөдө тартипке келтирүүнүн оптималдуу даражасына жетишүүгө багытталган документ;
32) уюмдун стандарты - юридикалык же жеке жак тарабынан кабыл алынган жана колдонулушу ушул стандартты кабыл алган юридикалык жакка же жеке жакка гана жайылтылуучу техникалык талаптарды камтыган стандартташтыруу боюнча документ;
33) стандартташтыруу - стандартташтыруу объекттерине карата учурдагы анык же потенциалдуу милдеттерге карата жалпы жана көп жолу пайдалануу үчүн жоболорду белгилөө аркылуу белгилүү бир жаатта тартипке келтирүүнүн оптималдуу даражасына жетишүүгө багытталган иш;
34) стандартташтыруу боюнча техникалык комитет - улуттук стандартташтыруу системасынын документтерин иштеп чыгуу, бекитилген стандартташтыруу объекттери же иштин багыттары боюнча стандартташтыруу боюнча башка документтерге экспертиза жүргүзүү үчүн экономика тармагындагы мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын базасында ыктыярдуу негизде түзүлүүчү консультациялык-кеңешүүчү орган;
35) техникалык отчет - инновацияларга карата мүнөздөмөлөрдү, эрежелерди жана принциптерди белгилөөчү стандартташтыруу боюнча документ;
36) техникалык шарттар - продукцияга, процесстерге, кызмат көрсөтүүгө карата техникалык талаптар.
3-берене. Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары
1. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар ушул Мыйзамдан, ага ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, стандартташтыруу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерден турат.
2. Техникалык жөнгө салуу максаттары үчүн стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу аскердик чөйрөдөгү, мамлекеттик сырларды жана жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү, атомдук энергияны пайдалануу, ядролук жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, электр байланышы жаатындагы стандартташтыруунун укуктук негиздерине жайылтылбайт.
4-берене. Стандартташтыруунун максаттары
Стандартташтыруунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
2) товарларды жеткирүүдө, кызматтарды көрсөтүүдө, анын ичинде товарларды жана кызматтарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу;
3) адамдын өмүрүн, саламаттыгын жана тукум улоочулугун, мүлктү сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо;
4) продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү алардын багыты, сапаты жана коопсуздугу боюнча адаштырууга алып келүүчү аракеттердин алдын алуу;
5) продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле алардын өзүнүн функционалдык багытына ылайык келүүсү, алардын номенклатурасын оптималдаштыруу жана бирдейлештирүү;
6) продукциянын, процесстердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун жана сапатын жогорулатуу, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү;
7) техникалык регламенттерде белгиленген талаптардын сакталышына көмөк көрсөтүү;
8) техникалык жана маалыматтык жактан дал келүүчүлүк, ошондой эле продукциянын өз ара алмаштыруучулугу;
9) энергиянын натыйжалуулугу жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу (ресурсту үнөмдөө);
10) инновацияларды натыйжалуу киргизүүнү жана жогорку технологиялык өндүрүштөрдү өнүктүрүүнү колдоо.
5-берене. Стандартташтыруу принциптери
Кыргыз Республикасында стандартташтыруу төмөнкү принциптерге негизделет:
1) стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуунун ыктыярдуулугу;
2) улуттук стандарттарда белгиленүүчү жалпы мүнөздөмөлөрдүн, эрежелердин жана жалпы принциптердин илимдин, техниканын жана технологиялардын өнүгүшүнүн заманбап деңгээлине, ата мекендик жана чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбага ылайык келүүсүн камсыз кылуу;
3) улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун ачыктыгы, мындай документтерди иштеп чыгууга бардык кызыкдар жактардын катышуусун камсыз кылуу, улуттук стандарттарды иштеп чыгууда консенсуска жетишүү;
4) улуттук стандарттарды жана стандартташтыруу боюнча башка документтерди эл аралык стандарттарга жана регионалдык (анын ичинде мамлекеттер аралык) стандарттарга шайкеш келтирүү.
2-глава. Улуттук стандартташтыруу системасынын катышуучулары
6-берене. Улуттук стандартташтыруу системасынын катышуучулары
Улуттук стандартташтыруу системасынын катышуучулары болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) стандартташтыруу чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) өз компетенцияларынын чегинде министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор;
3) Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы;
4) стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер;
5) стандартташтыруу жаатындагы мамилелерге катышкан жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде коомдук бирикмелер.
7-берене. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын компетенциялары
1. Стандартташтыруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган орган саналат.
2. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) стандартташтыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын түзүүнү жана ишке ашырууну жалпы жетектөө;
2) стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
3) улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүүнү координациялоо;
4) улуттук стандартташтыруу системасынын улуттук экономиканын кызыкчылыктарына жана илимий-техникалык прогресстин өнүгүшүнө шайкештигин камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
6) стандартташтыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишти укук жагынан камсыз кылуу.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор өз компетенцияларынын чегинде:
1) Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатын түзүү жана аны белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
2) стандартташтыруу боюнча ишти ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырат, анын ичинде техникалык регламенттерге карата стандарттардын тизмегин талдоону жана актуалдаштырууну жүргүзөт;
3) улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга катышат;
4) стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттерди түзүү боюнча иштерди жүзөгө ашырат жана зарыл болгон учурда алардын ишине катышат;
5) улуттук стандарттардын долбоорлоруна жана стандартташтыруу боюнча башка документтерге экспертиза жүргүзөт;
6) иштин тиешелүү чөйрөсүндө эрежелердин жыйындыларын иштеп чыгууну, бекитүүнү, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана жокко чыгарууну жүзөгө ашырат;
7) иштин тиешелүү чөйрөсүндө стандартташтыруунун муктаждыктарын жана өнүктүрүүнүн багыттарын аныктайт;
8) стандартташтыруу боюнча улуттук орган менен бирдикте экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча келечектүү стандартташтыруу программаларын иштеп чыгат жана бекитет;
9) улуттук стандарттарды жана мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгууну уюштурат;
10) ушул Мыйзамда, башка мыйзамдарда, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8-берене. Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы
1. Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы:
1) стандартташтыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) стандартташтыруу жана техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана кароого катышат;
3) улуттук стандартташтыруу системасында стандартташтыруу боюнча иштерди уюштурат, стандартташтыруу боюнча эл аралык жана регионалдык уюмдарда, анын ичинде мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирет;
4) улуттук стандартташтыруу системасынын документтерин иштеп чыгуу, стандарттардын тизмегин Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине карата актуалдаштыруу бөлүгүндө аткаруу бийлигинин органдарынын, стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
5) улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программаларын иштеп чыгат;
6) улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программаларын иштеп чыгат, бекитет жана аларды ишке ашырууга катышат;
7) стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартибин белгилейт, стандартташтыруу боюнча иштерге катышуучулардын өз ара аракеттенүүсүнүн формаларын жана методдорун, анын ичинде улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды эсепке алуунун тартибин аныктайт;
8) улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду бекитет, ошондой эле негиз болуучу улуттук стандарттарды, стандартташтыруу эрежелерин жана стандартташтыруу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгат жана бекитет;
9) улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгууну уюштурат;
10) улуттук стандарттардын, алдын ала улуттук стандарттардын, мамлекеттер аралык стандарттардын, мамлекеттик классификаторлордун долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүнү уюштурат;
11) стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттерди түзүүнүн жана ишинин тартибин бекитет жана стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин ишин координациялайт, техникалык комитеттердин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзөт, алардын эл аралык стандарттарды, мамлекеттер аралык стандарттарды, регионалдык стандарттарды жана стандартташтыруу боюнча башка документтерди иштеп чыгууга катышуусун уюштурат;
12) продукциянын каталогдук барактарынын формаларын жана аларды толтуруунун, берүүнүн, экспертиза жүргүзүүнүн жана каттоонун эрежелерин белгилейт;
13) Кыргыз Республикасынын улуттук стандартташтыруу системасынын белгисин жана аны колдонуу тартибин белгилейт;
14) чет мамлекеттердин эл аралык, регионалдык жана улуттук стандарттарын, регионалдык эрежелердин жыйындыларын жана чет мамлекеттердин эрежелеринин жыйындыларын, чет мамлекеттердин регионалдык (анын ичинде мамлекеттер аралык) классификаторлорун жана улуттук классификаторлорун стандартташтыруу боюнча документ катары кабыл алуу методдорун белгилейт;
15) Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча документи катары эл аралык, регионалдык (анын ичинде мамлекеттер аралык) стандарттарды жана чет мамлекеттердин улуттук стандарттарын, регионалдык эрежелердин жыйындыларын жана чет мамлекеттердин эрежелеринин жыйындыларын, чет мамлекеттердин регионалдык (анын ичинде мамлекеттер аралык) классификаторлорун жана улуттук классификаторлорун кабыл алат;
16) улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, эл аралык жана регионалдык эрежелердин жыйындыларын, стандарттарды жана чет мамлекеттердин эрежелеринин жыйындыларын, чет мамлекеттердин регионалдык (анын ичинде мамлекеттер аралык) классификаторлорун жана улуттук классификаторлорун расмий басып чыгарууну жана жайылтууну уюштурат;
17) стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу боюнча расмий түшүндүрмөлөрдү берет;
18) техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча мамлекеттик органдардын иштерин ведомстволор аралык координациялоону жүзөгө ашырат;
19) стандартташтыруу чөйрөсүндө кадрларды даярдоону жана кошумча кесиптик билим берүүнү уюштурат;
20) стандартташтыруу чөйрөсүндөгү ишке илимий жана методикалык жактан колдоо көрсөтүүнү камсыз кылат;
21) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде башка мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын ортосунда, анын ичинде бул мамлекеттердин улуттук стандарттарын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын ошол мамлекеттердин аймагында колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген келишимдерди (макулдашууларды, меморандумдарды) түзөт.
9-берене. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер
1. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан төмөнкүдөй принциптерди эске алуу менен түзүлөт:
1) ыктыярдуу катышуу;
2) тараптардын тең өкүлчүлүгү;
3) стандартташтыруунун ушул Мыйзамдын 4-беренесинде белгиленген максаттарын жана милдеттерин сактоо;
4) стандартташтыруу боюнча техникалык комитет жөнүндө маалыматтын ачыктыгы менен жеткиликтүүлүгү.
2. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер улуттук стандарттарды, эрежелердин жыйындыларын, мамлекеттер аралык стандарттарды (эгерде мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасы тарабынан жүзөгө ашырылса) иштеп чыгуу, стандартташтыруунун бардык кызыкдар субъекттеринин стандартташтыруу боюнча ишке катышуусу үчүн шарттарды түзүү үчүн түзүлөт.
3. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттерди түзүүнүн, иштөөсүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн, натыйжалуулугун баалоонун, жоюунун тартиби стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан белгиленет.
Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттин ишин уюштуруучулук, маалыматтык-аналитикалык жактан камсыздоо анын базасында техникалык комитет түзүлгөн уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин иштерин каржылоо кызыкдар ишканалар жана уюмдар менен келишимдик негизде, гранттардын, донордук каражаттардын жана башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3-глава. Стандартташтыруу боюнча документтер
10-берене. Стандартташтыруу боюнча документтердин түрлөрү
Стандартташтыруу боюнча документтерге төмөнкүлөр кирет:
1) негиз болуучу улуттук стандарттар жана стандартташтыруу эрежелери;
2) улуттук стандарттар жана алдын ала улуттук стандарттар;
3) мамлекеттик классификаторлор;
4) стандартташтыруу боюнча рекомендациялар;
5) эл аралык стандарттар, стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдардын техникалык-экономикалык маалыматынын классификаторлору;
6) регионалдык стандарттар, техникалык-экономикалык маалыматтын классификаторлору, стандартташтыруу эрежелери жана стандартташтыруу боюнча регионалдык уюмдардын стандартташтыруу боюнча рекомендациялары;
7) стандарттар, техникалык-экономикалык маалыматтын классификаторлору, чет мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча эрежелери, ченемдери жана рекомендациялары;
8) эрежелердин жыйындылары, чет мамлекеттин эрежелеринин жыйындылары;
9) уюмдардын стандарттары;
10) техникалык отчеттор;
11) техникалык шарттар;
12) маалыматтык-техникалык маалымдама.
11-берене. Негиз болуучу улуттук стандарттар жана стандартташтыруу эрежелери
1. Негиз болуучу улуттук стандарттар менен стандартташтыруу эрежелери Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
2. Негиз болуучу улуттук стандарттарды жана стандартташтыруу эрежелерин бекитүү аларды коомдук талкуулоо шартында жүзөгө ашырылат.
12-берене. Улуттук стандарттар жана алдын ала улуттук стандарттар
1. Улуттук стандарттарды иштеп чыгуу улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программаларына ылайык жана (же) улуттук стандартташтыруу системасынын катышуучулары тарабынан демилгелүү тартипте консенсустун негизинде жүзөгө ашырылат.
Алдын ала улуттук стандарттарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасында жаңы техникалык жана/же технологиялык чечимдерди, материалдарды жана башка инновацияларды колдонуу тажрыйбасы жок учурда улуттук стандартташтыруу системасынын катышуучулары тарабынан демилгелүү тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Улуттук стандарттарда жана алдын ала улуттук стандарттарда төмөнкүлөр белгилениши мүмкүн:
1) продукциянын, процесстердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн классификациясы;
2) продукциянын унификациясынын, айкалышуусунун жана өз ара алмаштыруучулугунун көрсөткүчтөрү;
3) терминдер жана аныктамалар;
4) продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөлөрү;
5) процесстерге, продукцияны таңгактоого жана маркалоого карата талаптар;
6) белгилүү иштерди аткарууда, белгилүү кызматтарды көрсөтүүдө персоналдын компетенттүүлүгүнө, шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүнө карата талаптар;
7) продукциянын сапатынын көрсөткүчтөрүн сыноо (изилдөө, өлчөө) методдору;
8) ресурстардын бардык түрлөрүн сактоого жана сарамжалдуу пайдаланууга карата талаптар;
9) менеджмент системасын киргизүүнү камсыз кылуучу процесстерди уюштурууга карата талаптар;
10) иштин белгилүү бир тармагы үчүн уюштуруу-методикалык мүнөздөгү жоболор, ошондой эле жалпы техникалык ченемдер жана эрежелер.
3. Улуттук стандарттар жана алдын ала улуттук стандарттар төмөнкүлөрдү эске алуу менен иштелип чыгат:
1) эл аралык, регионалдык стандарттарды, чет мамлекеттердин стандарттарын жана стандартташтыруу объектине карата талаптарды белгилөөчү башка документтерди;
2) илимий изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн натыйжаларын;
3) продукциянын жаңы түрлөрүн, процесстерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууда алынган практикалык тажрыйбаны.
4. Улуттук стандарттар жана алдын ала улуттук стандарттар Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы белгилеген тартипте иштелип чыгат (бекитилет, өзгөртүлөт жана жокко чыгарылат).
13-берене. Мамлекеттик классификаторлор
1. Мамлекеттик классификаторлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык аткаруу бийлигинин органдары тарабынан иштелип чыгат.
2. Мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгуунун, экспертиза жүргүзүүнүн, бекитүүнүн, жүргүзүүнүн, колдонуунун жана жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан аныкталат.
3. Мамлекеттик классификаторлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте маалыматтык системаларда жана ведомстволор аралык маалымат алмашууда колдонуу үчүн милдеттүү болуп саналат.
14-берене. Стандартташтыруу боюнча рекомендациялар
1. Стандартташтыруу боюнча рекомендациялар Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы белгилеген тартипте стандартташтыруунун тиешелүү объектине карата колдонулуучу уюштуруучулук жана методикалык мүнөздөгү айрым жоболорду практикада алдын ала текшерүү максатында иштелип чыгат.
2. Стандартташтыруу боюнча рекомендациялар улуттук стандарттардын жоболоруна карама-каршы келбеши керек.
15-берене. Эрежелердин жыйындылары
1. Эрежелердин жыйындылары Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана административдик ведомстволор тарабынан иштелип чыгат, бекитилет, өзгөртүлөт жана жокко чыгарылат.
Эрежелердин жыйындылары министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор же аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан кабыл алынуучу стандарт же стандарттын бир бөлүгү же өз алдынча документ болушу мүмкүн.
2. Чет мамлекеттердин эрежелеринин жыйындылары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасында колдонулушу мүмкүн.
16-берене. Уюмдардын стандарттары
1. Уюмдардын стандарттары ушул Мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн тиешелүү максаттарды камсыз кылуу үчүн колдонуу зарылдыгына жараша уюмдар тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана кабыл алынат.
2. Уюмдардын стандарттары негиз болуучу стандарттарга жана стандартташтыруу боюнча эрежелерге ылайык иштелип чыгат.
3. Уюмдардын стандарттарын иштеп чыгуунун, бекитүүнүн, эсепке алуунун, өзгөртүүнүн, жокко чыгаруунун жана колдонуунун тартиби уюмдар тарабынан ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган принциптерди эске алуу менен өз алдынча белгиленет.
17-берене. Техникалык отчеттор
1. Техникалык отчеттор инновацияларды тездетип киргизүү максатында стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер тарабынан иштелип чыгат.
2. Техникалык отчеттор стандартташтыруу эрежелерине жана стандартташтыруу боюнча рекомендацияларга ылайык иштелип чыгат.
18-берене. Техникалык шарттар
1. Техникалык шарттар стандарт, стандарттын бир бөлүгү же продукцияны (кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүчү менен керектөөчүнүн ортосундагы келишимдин (контракттын) бөлүгү, анын ичинде ачык офертанын бөлүгү болушу мүмкүн.
2. Коммерциялык эмес уюмдар юридикалык жак формасында түзүлгөн болсо жана ишкердик иштин продукция өндүрүүнүн белгилүү бир тармагында (жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүү) иштеген субъекттерин бириктирсе, же болбосо белгилүү бир түрдөгү кесиптик иштин субъекттерин бириктирсе, алар уюмдун стандарттары жана уюмдун стандарттарынын бөлүгү түрүндө техникалык шарттарды иштеп чыга алышат жана кабыл ала алышат.
19-берене. Стандартташтыруу боюнча документтерди каттоо
1. Стандартташтыруу боюнча документтер Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунда милдеттүү же эсептик катталууга тийиш.
2. Негиз болуучу улуттук стандарттар жана стандартташтыруу эрежелери, улуттук стандарттар жана алдын ала улуттук стандарттар, эрежелердин жыйындылары, мамлекеттик классификаторлор, стандартташтыруу боюнча рекомендациялар милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
3. Уюмдардын стандарттары, техникалык шарттар, техникалык отчеттор жана башка документтер эсептик катталууга тийиш.
4. Стандартташтыруу боюнча документтерди каттоо тартибин Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы белгилейт.
20-берене. Улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү боюнча иштерди пландоо
1. Стандартташтыруу боюнча иштерди пландоо улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программалары жана улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программалары түрүндө жүзөгө ашырылат.
Улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү боюнча иштерди пландоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууда, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн улуттук программаларында, өнүктүрүүнүн максаттуу жана тармактык программаларында;
- улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүүнүн максаттарын жана багыттарын эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекте.
2. Улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программалары төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
1) аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкердик субъекттеринин жана башка кызыкдар тараптардын сунуштарынын;
2) стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин иш пландарынын;
3) стандартташтыруу боюнча колдонуудагы документтерди жана улуттук стандарттарды иштеп чыгууга муктаждыкты алдын ала талдоону эске алуу менен техникалык регламенттерге карата өз ара байланышкан стандарттардын тизмектерин кеңейтүүнүн;
4) мониторинг боюнча жүргүзүлгөн иштерди эске алуу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарына жооп берген башка булактардын.
3. Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун программасын түзүүнү, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жүзөгө ашырат.
Улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программасы төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- мамлекеттик органдардын, стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин, ишкердик субъекттеринин бирикмелеринин жана башка кызыкдар тараптардын сунуштарынын;
- улуттук стандартташтыруу системасын жана улуттук стандарттарды иштеп чыгууга муктаждыкты талдоонун;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарына жооп берген башка булактардын.
4-глава. Стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу
21-берене. Стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуунун жалпы эрежелери
1. Стандартташтыруу боюнча документтер ыктыярдуу негизде колдонулат.
2. Ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында техникалык регламенттин талаптарын сактоо камсыз кылынган же изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн эрежелерин жана методдорун, анын ичинде техникалык регламентти колдонуу жана аткаруу жана шайкештикти баалоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоонун эрежелерин камтыган стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу шарттары Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарында белгиленет.
3. Эгерде продукцияны (кызмат көрсөтүүлөрдү) даярдоочу/жеткирүүчү ыктыярдуу тартипте стандартташтыруу объектинин стандартташтыруу боюнча документке шайкештиги жөнүндө ар кандай ыкма менен билдирсе, анын ичинде маркалоодо, эксплуатациялык же башка документтерде, продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) даярдоочу, жеткирүүчү менен продукцияны сатып алуучунун (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучунун), ачык офертанын керектөөчүнүн ортосундагы келишимде (контрактта) стандартташтыруу боюнча документтин белгилери колдонулган учурда, стандартташтыруу боюнча документтин талаптары ал үчүн милдеттүү болуп калат.
4. Эл аралык, регионалдык стандарттар жана чет мамлекеттердин стандарттары Кыргыз Республикасынын аймагында даярдоочулар (аткаруучулар), жеткирүүчүлөр тарабынан эл аралык, регионалдык уюмдардын жана чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген тиешелүү эрежелерин сактоо менен кайра таризделбестен, Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органына тиешелүү кабар жөнөтүү менен түз колдонуу аркылуу колдонулушу мүмкүн.
Түз колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан аныкталат.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун уюштурууну камсыз кылуу максатында стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуунун милдеттүүлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
22-берене. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында улуттук стандарттарга шилтемелерди колдонуу
1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын белгилүү бир талаптарьша жетүүнүн жалгыз жолу болуп улуттук стандарттарды колдонуу жана сактоо саналган учурларда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аталган улуттук стандарттарга шилтемелерди колдонууга жол берилет.
2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында улуттук стандартка шилтеме берилген учурда, бул стандарттын талаптарын сактоо милдеттүү болуп калат. Ушуну менен бирге тиешелүү шилтеме улуттук стандартты идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү улуттук стандарттын белгисине болгон көрсөткүчтү камтууга тийиш.
5-глава. Стандартташтырууну маалыматтык камсыздоо
23-берене. Улуттук стандартташтыруу системасын маалыматтык камсыздоо
1. Улуттук стандартташтыруу системасын маалыматтык камсыздоо Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун жүргүзүү, анын иштөөсү үчүн зарыл болгон маалыматтык системаларды түзүү жана эксплуатациялоо, улуттук стандартташтыруу системасынын документтерин жана мамлекеттик классификаторлорду расмий жарыялоо, басып чыгаруу жана жайылтуу аркылуу, анын ичинде стандартташтыруу чөйрөсүндөгү маалыматтык системаны пайдалануу менен ишке ашырылат.
2. Улуттук стандартташтыруу системасынын документтерин жана мамлекеттик классификаторлорду расмий жарыялоо, басып чыгаруу жана жайылтуу Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө маалымат төмөнкү принциптерди сактоо менен жайылтылат:
1) стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө маалыматтын эркин жеткиликтүүлүгү;
2) маалыматтын объективдүүлүгү, өз убагындапыгы, ачыктыгы жана аныктыгы.
24-берене. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду
1. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду мамлекеттик маалыматтык ресурс болуп саналат.
2. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун иштөөсү үчүн зарыл болгон маалыматтык системаларды түзүү жана эксплуатациялоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын улуттук стандартташтыруу боюнча органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун улуттук стандарттар, алдын ала улуттук стандарттар, мамлекеттик классификаторлор, техникалык отчеттор, уюмдардын стандарттары, эл аралык стандарттар, регионалдык стандарттар, чет мамлекеттердин стандарттары, эрежелердин жыйындылары, регионалдык эрежелердин жыйындылары, чет мамлекеттердин эрежелеринин жыйындылары, эл аралык стандарттардын, регионалдык стандарттардын жана регионалдык эрежелердин жыйындыларынын, чет мамлекеттердин стандарттарынын жана чет мамлекеттердин эрежелеринин жыйындыларынын мамлекеттик жана (же) расмий тилдердеги тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн, Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан эсепке алынган котормолору, стандартташтыруу боюнча эл аралык жана регионалдык уюмдардын стандартташтыруу боюнча документтери жана чет мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча башка документтери түзөт.
4. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жана аны пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5. Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунда катталган колдонуудагы техникалык отчетторду, уюмдардын стандарттарын жана техникалык шарттарды эсепке алууну жана алар жөнүндө маалыматты мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана жеке жактарга берүүнү уюштурат.
25-берене. Улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, эрежелердин жыйындыларын, мамлекеттик классификаторлорду, стандартташтыруу боюнча эл аралык жана регионалдык уюмдардын документтерин расмий жарыялоо, басып чыгаруу жана жайылтуу
1. Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, эрежелердин жыйындыларын, мамлекеттик классификаторлорду белгиленген тартипте расмий жарыялоону, басып чыгарууну жана жайылтууну уюштурат. Стандарттарды жарыялоо тексттерди Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органынын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Эл аралык стандарттарды, регионалдык стандарттарды жана регионалдык эрежелердин жыйындыларын, чет мамлекеттердин стандарттарын жана чет мамлекеттердин эрежелеринин жыйындыларын, чет мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча башка документтерин, стандартташтыруу боюнча эл аралык жана регионалдык уюмдардын документтерин басып чыгарууну жана жайылтууну Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, стандартташтыруу боюнча эл аралык же регионалдык уюм тарабынан белгиленген тартипте жана шарттарда камсыз кылат.
26-берене. Улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси
1. Улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси менен кызыкдар жактарга улуттук стандартташтыруу системасына таандыктыгы жөнүндө маалымдоо үчүн милдеттүү түрдө катталууга тийиш болгон улуттук стандартташтыруу системасынын документтери маркаланат, ошондой эле улуттук стандартка шайкеш келген продукция жана (же) мындай продукцияга тиркелген эксплуатациялык же башка документтер маркаланышы мүмкүн.
2. Улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси менен улуттук стандартка шайкеш келген продукция маркаланышы мүмкүн.
3. Улуттук стандартташтыруу системасынын белгиси атайын белги болуп саналбайт жана маалыматтык максаттарда коюлат.
6-глава. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү эл аралык жана регионалдык кызматташтык
27-берене. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү эл аралык жана регионалдык кызматташтык
1. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү эл аралык жана регионалдык кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жергиликтүү продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу;
2) улуттук стандарттарды эл аралык жана регионалдык стандарттарга шайкеш келтирүү;
3) эл аралык стандарттарды, регионалдык стандарттарды жана мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана иштеп чыгууга катышуу;
4) стандартташтыруу чөйрөсүндө тажрыйба жана маалымат менен алмашуу;
5) эл аралык, регионалдык жана мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн тартуу.
2. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү эл аралык жана регионалдык кызматташтык Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, стандартташтыруу боюнча эл аралык жана регионалдык уюмдардын ишинин алкагында жүзөгө ашырылат.
7-глава. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү каржылоо
28-берене. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү каржылоо
1. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү ишти каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын;
2) чарба жүргүзүүчү субъекттерге тастыктамалоо, метрология, стандартташтыруу жана өндүрүштүк-чарбалык иштин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка түрлөрү боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын;
3) гранттардын, кредиттердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын;
4) ыктыярдуу төгүмдөрдүн.
2. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөр каржыланат:
1) мамлекет тапшырыкчы болуп саналган улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программасын түзүү жана ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасы иштеп чыгууга катышкан мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасын түзүү жана ишке ашыруу жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн улуттук стандарттарды мамлекеттер аралык стандарттарга кайра иштеп чыгуу;
3) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу стандартташтыруу боюнча эл аралык (регионалдык) уюмдарга төгүмдөрдү төлөө жана катышуу;
4) мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгуу, жүргүзүү жана расмий жарыялоо;
5) Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун түзүү жана жүргүзүү, анын ичинде маалыматтык системаларды түзүү жана эксплуатациялоо.
8-глава. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү жоопкерчилик
29-берене. Стандартташтыруу чөйрөсүндөгү жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын жоболорун бузган мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
9-глава. Корутунду жоболор
30-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 4-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |