Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 19-декабры ПЖ № 380
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 "2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Соттордун ишин оптималдаштыруу, сот жүктөмүн азайтуу жана буйрук өндүрүш иштерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана нотариустардын компетенциясына өткөрүп берүү жолу менен адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун соттон тышкаркы жана сотко чейинки методдорун, формаларын жана ыкмаларын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 "2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 4.21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4.21 | Судьялардын жүктөмүн азайтуу | Укук жөнүндө талаш-тартыш жок болгон иштерди Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, нотариустарына өткөрүп берүү каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу | 2025-ж. I кв. | ЖК киргизилди | ЖС, ЮМ |
".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С. Н. Жапаров |