Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 813
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 14-мартындагы № 01-39/615 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 21-февралындагы № 01-12/15 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагынын "Чек" участогундагы № 1767 (17,70 га), "Жекенди талаасы" участогундагы № 1956 (20,0 га) контурларда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 37,70 га болгон жайыт жерлери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) жогоруда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен региондун инфраструктурасынын иштешин жана өнүгүшүн, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасын, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштурууну;
5) аталган жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну;
6) аталган жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда алардын Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сакталышын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |