Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 30-декабры № 862-т
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын тиешелүү түрдө аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91, 97-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесин расмий чечмелөө жөнүндө тиркелген сунуштама жактырылсын.
2. Жогоруда аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыгын коргоого төмөнкүлөргө ыйгарым укук жана ишеним кат берилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Тургунбаев Мелис Жусупжановичке (макулдашуу боюнча);
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү Темиров Канат Абайылдаевичке (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту |
|
|
|
| Кайрылуучу тарап: | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти, 301 |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесин расмий чечмелөө жөнүндө СУНУШТАМА
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19, 20, 26, 38-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесин расмий чечмелөө жөнүндө төмөнкүдөй сунуштама менен кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна бул сунуштама менен кайрылууга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесин түшүнүүдө - Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралбаган башка субъекттерди жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча компетенцияны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген компетенциянын чегинен чыгабы деген мааниде табылган аныксыздык негиз болду.
Кайрылуунун предмети болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренеси саналат, ага ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумун көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүдө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларда так эместиктер, аларды колдонуу практикасында туура эместиктер же карама-каршылыктар табылган учурда расмий чечмелөө (түшүндүрмө) берилет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесин бир мааниде түшүнүүдө аныксыздык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан финансы рыногун консолидацияланган көзөмөлдөөнүн жана жөнгө салуунун (мега жөнгө салуу) моделин түзүү маселесин кароо процессинде келип чыкты.
Кыргыз Республикасынын учурдагы финансы рыногу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлү алдында турган жана алардын ишин жогорку жөнгө салуучу регламентациялоого ээ банк, микрофинансы жана төлөм секторлорунун салыштырмалуу жогорку деңгээлде өнүккөндүгү менен айырмаланат. Ошол эле учурда банк рыногун камсыздандыруу жана баалуу кагаздарга инвестициялоо сыяктуу башка финансы чөйрөлөрү менен интеграциялоо маанилүү эмес бойдон калууда.
Мындан тышкары финансы рыногунун секторлору жана түздөн-түз түзүм менен жөнгө салуучу көзөмөл механизмдеринин ортосунда жөнгө салууну мыйзамдык түрдө бөлүү даражасы олуттуу болуп саналат.
Бирдиктүү финансылык көзөмөлдөө органына өтүү татаал жана спецификалык маселелердин комплексин чечүү менен байланышкан. Баарынан мурда ыйгарым укуктуу органдын Мыйзамда бекитилген өз ишинин так белгиленген максаттары болууга тийиш.
Максаттардын карама-каршылыгы жөнгө салуунун негизсиз кеңейишине же болбосо тескерисинче мега жөнгө салуучу тарабынан контролдоонун начарлашына жана жөнгө салуу ажырымдарынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Так түзүлгөн максаттар мега жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдын кабыл алынуучу чечимдер жана жүргүзүлүүчү саясат үчүн жоопкерчилигинин механизмин аныктайт.
Ченемдерди жана мыйзамдарды иштеп чыгуунун сапаты көз каранды болгон жөнгө салуучулук көз карандылыкты, ошондой эле финансылык институттар тарабынан өзүнүн практикалык ишинде ченемдердин жана эрежелердин сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон көзөмөлдүк көз карандысыздыкты камсыз кылуу маанилүү аспект болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумун көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүдө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.
Демек Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын базасында мега жөнгө салуучуну түзүү боюнча концептуалдуу чечимдин вариантын кароодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине ылайык финансы-кредиттик уюмдар болуп саналбаган уюмдарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн ылайык келиши жөнүндө маселе келип чыгат.
Мындай уюмдарга камсыздандыруу уюмдары, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор, баалуу кагаздар рыногундагы брокердик жана дилердик компаниялар, фондулук биржалар ж.б. кирет, алар азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан жөнгө салынат жана көзөмөлдөнөт.
Ошол эле учурда жөнгө салуунун жана көзөмөлдүн адистештирилген механизмдерин киргизүү менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эске алуу зарыл, алар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын негизги максаттарын жана милдеттерин аткарууга да таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мега жөнгө салуучуну түзүү жана анын иштеши түрүндө финансы секторунун түзүмүн татаалдаштыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу жана коргоо, банк секторун чыңдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле төлөм системасынын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишин камсыз кылуу сыяктуу негизги максаттарына таасирин тийгизбөөгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренеси функциялардын жана ыйгарым укуктардын чектелген тизмегин камтыйт, аларды ишке ашыруу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын тиешелүү ченемдеринде каралган.
Банк секторунун жана финансы рыногунун катышуучуларынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндө чектеш маселелердин/байланыштардын болушуна карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын ар кандай укуктук статустагы башка мамлекеттик органдарынын (атап айтканда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын) ыйгарым укуктарын так бөлүштүрөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 19, 20, 31, 38-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүнү
өтүнөт:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесинде каралбаган финансы рыногунун башка субъекттерин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча компетенцияны берүү мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесин расмий чечмелөөнү берүү жөнүндө.