Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-январы № 4
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Ишкердик субъекттери төмөнкүлөр болгон ишкердик жүргүзүү аялдар ишкердиги болуп саналат:
- ишкердикти жеке ишкер катары жүзөгө ашырган аял;
- акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) 51 пайыздан кем эмеси аялга (аялдарга) таандык болгон жана кызматкерлеринин штаттык санынын 51 пайыздан кем эмесин аялдар түзгөн, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 4-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |