Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Катта-Талдык айылдык Кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

 

2024-жылдын 26-январы № 21/4

 

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы – К.Кайназарованын докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп, Катта-Талдык айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 31293,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга штаты жалпы 32 штаттык бирдик менен бекитилсин, анын ичинен 9 айыл башчы, ВУС – 4 штаттык бирдик, кенже тейлөөдөгү кызматкер 3 штаттык бирдик.

3. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2024-жылга атайын каражат боюнча 9000,0 миң сом өлчөмүндө киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилсин.

4. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн жана 2024-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.

5. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2024-жылга резервдик фонду 400,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

6. 2024-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Төрага:

 

К.Абдраев