Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 19-декабры ПЖ № 379
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- II бөлүмдүн 4-главасынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Президенттин Иш башкармасы | Президенттин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент | Президенттин Архиви |
Башкы кызмат орду | |||
Б-А | Бөлүмдүн башчысы | Жетекчи Жетекчинин орун басары | Архивдин башчысы |
Б-Б | Бөлүмдүн башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысынын орун басары - сектордун башчысы | Бөлүмдүн башчысы | Архивдин башчысынын орун басары Бөлүмдүн башчысы |
Улук кызмат орду | |||
У-А | Сектордун башчысы | Бөлүмдүн башчысынын орун басары Сектордун башчысы | Референт |
У-Б | Референт Башкы адис | Референт Башкы адис | Башкы адис |
Кенже кызмат орду | |||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис |
|
".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 19-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |