Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-январы № 2
Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 6-пунктта "жана башка ченемдик укуктук актыларда" деген сөздөр ", башка ченемдик укуктук актыларда жана жаза аткаруу системасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ченемдик актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын:
"16) эксперименттүү жаза өтөө режими - укук бузуулардын жасалышынын алдын алуу, соттолгондорду түзөтүү, аларга социалдык жактан таасир көрсөтүү жана кайра социалдаштырууга карата чара көрүү жаатында изилдөө жүргүзүүгө арналган жалпы режимдеги түзөтүү жана тарбиялоо абактарында жаза өтөө режими.";
2) 72-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Соттолгонду жазасын андан ары өтөөсү үчүн бир абактан ошондой эле түрдөгү экинчи абакка которууга ал ооруган учурда же болбосо анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, мекемеде негизги жалпы жана жалпы орто билим алуусу мүмкүн болбогондо, түзөтүү мекемеси кайра уюштурулганда же жоюлганда, соттолгондун ушул түзөтүү мекемесинде андан ары болушуна тоскоолдук кылуучу башка жагдайларда жол берилет.";
3) 73-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Укук бузуулардын жасалышынын алдын алуу, соттолгондорду түзөтүү, аларга социалдык жактан таасир көрсөтүү жана кайра социалдаштырууга карата чара көрүү жаатында изилдөө жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жалпы режимдеги түзөтүү жана тарбиялоо абактарында эксперименттүү жаза өтөө режими түзүлүшү мүмкүн.";
4) 81-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Соттолгондорго социалдык жактан таасир көрсөтүү жана кайра социалдаштырууга карата чара көрүү үчүн изилдөө жүргүзүү максатында жалпы режимдеги түзөтүү жана тарбиялоо абактарында эксперименттүү жаза өтөө режими түзүлүшү мүмкүн.";
5) 97-берене:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Балдары бар, жалгыз ата-эне болуп саналган, жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөп жаткан соттолгондорго баласы менен жолугушуу үчүн барып келүүгө зарыл болгон убакытты санабаганда, баласынын жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен жети суткадан ашык эмес мөөнөткө түзөтүү мекемелеринин чегинен тышкары чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.
Жеңилдетилген жаза өтөө шарттарындагы жогоруда аталган соттолгондорго жылына эки жолу, ал эми кадимки жаза өтөө шарттарындагы соттолгондорго жылына бир жолу чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.";
6) 2-бөлүктө "бир жолу" деген сөздөр "эки жолу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктө "1-бөлүгүндө" деген сөздөр "1 жана 1-1-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 103-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эркиндигинен ажыратуу түрүндө соттолгондордун бардыгы түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан аныкталган жерлерде жана жумуштарда алардын жынысы, жаш курагы жана саламаттыгынын абалын эске алуу менен эмгектенүүгө милдеттүү.";
7) 113-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Түзөтүү мекемелеринде негизги жалпы жана жалпы орто билим алуусу мүмкүн болбогондо, соттолгондор ушундай мүмкүндүгү бар ошол эле режимдеги түзөтүү мекемелерине которулат.";
8) 123-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жумасына кеминде бир жолу" деген сөздөр "зарылдыкка жараша, бирок жумасына сегиз сааттан ашпаган мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 128-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Соттолгондордун өзгөчө режимдеги абактардагы эмгеги, анын ичинде акы төлөнүүчү эмгеги, соттолгондорду камераларда кармоо талаптарын эске алуу менен уюштурулат.";
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 131-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Соттун түрмөгө которуу жөнүндөгү чечими менен дайындалган мөөнөт анын мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн баштап эсептелет.";
11) 160-берененин 5-бөлүгүндө "шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып" деген сөздөр "эркиндигинен ажыратуу жайларына келген күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 28-ноябрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|