Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2024-жылдын 20-декбары №3/1
“ЕБРР программасына кошуулу жөнүндө”
Көк-Жаңгак шаардык кеңеши шаардык мэриясынын 2024 жылдагы 20 декабрындагы №01-6/2459 кайрылуусун жана Приоритеттик инвестициялар жөнүндөгү программасынын долбоорун карап чыгып, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кенеши
Т О К Т О М кылат:
1. ЕБРР программасы менен инвестиция тартуу максатында Көк-Жаңгак шаарына долбоордун негизинде 4,0 млн.евро бөлүнүп, анын ичинен 2,0 млн. евро кредит, 2,0 млн. евро грант берилди. Долбоордун максаты Көк-Жаңгак шаарындагы таза суу жана канализация түтүкчөлөрүн реконструкциялоого жана жаңы кеңсе, суу кампа, саркынды суу тазалоо жайын куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаардык мэри Замирбек уулу Сыргакка жана өзүн өзү камсыздоо чарбалык эсептеги Шар-Булак участкасынын жетекчиси К.Киезбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
Исмаилов Б.М. |