Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 795
ВИЧ жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттер жаатындагы коомдук саламаттык сактоо жана жарандардын ден соолугун коргоо маселелери жөнүндө
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16, 23, 51-53-беренелерин, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 116-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Адамдын иммундук жетишсиздик вирусун күбөлөндүрүү, текшерүү, каттоого алуу жана маалыматтын купуялуулугун сактоо тартиби 1-тиркеме ылайык;
2) Ведомстволук таандыктыгына карабастан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдык мекемелерде ВИЧке, кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге (В жана С гепатити) акысыз текшерилүүгө жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон адамдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
3) ВИЧке жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге (В жана С гепатити) милдеттүү медициналык текшерилүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызмат орундарынын тизмеги 3-тиркемеге ылайык;
4) ВИЧ менен ооруган адамдарды эмгекке тартууну жөнгө салуучу адистиктердин жана кызмат орундарынын тизмеги 4-тиркемеге ылайык;
5) ВИЧ боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүгө укуктуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеги 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк граждандар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантында:
- 2-главанын "СПИДге, Hbs-антигенге кандын анализи" позициясындагы "СПИДге" деген аббревиатура "ВИЧке" деген аббревиатурага алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 679 "Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясын" деген сөздөр "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө тартибинде:
- 1-пункттагы "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" деген сөздөр "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 683 "ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Бул токтом тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте ишке тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-январындагы № 101 (3656) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Ведомстволук таандыктыгына карабастан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдык мекемелерде ВИЧке, кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге (В жана С гепатити) акысыз текшерилүүгө жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон адамдардын ТИЗМЕГИ
№ | Текшерилүүчүлөрдүн категориясы (КР жарандары) | ВИЧке текшерүүнүн тартиби | Вирустук гепатиттерге (В жана С гепатити) текшерүүнүн тартиби |
1 | Кандын, биологиялык суюктуктардын, органдардын жана ткандардын донорлору | Донордук материалды ар бир тапшырууда | Донордук материалды ар бир тапшырууда |
2 | Кош бойлуулар | Катталган жери боюнча эки жолу, кош бойлуулук боюнча каттоого турганда жана үчүнчү триместрде | Катталган жери боюнча бир жолу, кош бойлуулук боюнча каттоого турганда |
3 | Социалдык жана медициналык көрсөткүчтөр боюнча кош бойлуулукту токтотуу үчүн келген аялдар | Катталган жери боюнча бир жолу, кош бойлуулук боюнча каттоого турганда | - |
4 | Кош бойлуулардын жыныстык өнөктөштөрү | Өнөктөшүнүн учурдагы кош бойлуулугу учурунда катталган жери боюнча бир жолу | - |
5 | Клиникалык колдонмого же протоколго ылайык текшерүү үчүн клиникалык көрсөткүчтөрү бар адамдар | Көрсөткүчтөр боюнча | Көрсөткүчтөр боюнча |
6 | Клиникалык колдонмого же протоколго ылайык текшерүү үчүн эпидемиологиялык көрсөткүчтөрү бар адамдар | Көрсөткүчтөр боюнча | Көрсөткүчтөр боюнча |
7 | ВИЧке жашыруун текшерүүдөн өткөн адамдар | Көрсөткүчтөр боюнча | - |
8 | ВИЧке мажбурлап текшерүүдөн өткөн адамдар | Кылмыш иши боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүнүн негизинде, соттун чечими боюнча | - |
9 | ВИЧ, В жана С гепатит вирустары менен ооруган калктын аялуу негизги топтору | Жылына бир жолудан кем эмес | Жылына бир жолудан кем эмес |
10 | Социалдык статусу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча амбулатордук деңгээлде, стационарларда акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык жана социалдык жардам алууга укуктуу жарандардын категорияларындагы адамдар | Катталган жери боюнча жылына бир жолу | Катталган жери боюнча жылына бир жолу |
|
| 3-тиркеме |
ВИЧке жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге (В жана С гепатити) милдеттүү медициналык текшерилүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызмат орундарынын ТИЗМЕГИ
№ | Текшерилүүчүлөрдүн категориясы | Текшерүүнүн тартиби |
1 | Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан медициналык уюмдардын жана социалдык мекемелердин кан менен контактта болгон же ар түрдүү инвазивдик процедураларды жасаган персоналы (жарандык жана аскердик медицина персоналын кошкондо) | Аталган адистиктердин жана кызмат орундарынын кызматкерлери ишке киргенде жана андан кийин жылына бир жолу ВИЧтин, В жана С гепатиттеринин болушун медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш. ВИЧтин, В жана С гепатиттеринин болушун медициналык текшерүүдөн өтпөгөн, аталган адистиктердин жана кызмат орундарынын кызматкерлери ишке алынбайт |
2 | Чач тарачтар, косметологиялык салондордун, сулуулук салондорунун персоналы, ар түрдүү медициналык эмес инвазивдүү процедураларды жасаган жеке ишкерлер |
|
| 4-тиркеме |
ВИЧ менен ооруган адамдарды эмгекке тартууну жөнгө салуучу адистиктердин жана кызмат орундарынын ТИЗМЕГИ
1. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарында ВИЧ менен ооруган адамга (жарандык жана аскердик медициналык персоналды кошкондо) иштөөгө жол берилбейт:
1) гемодиализ бөлүмдөрүнүн жана гематологиялык бөлүмдөрдүн кан менен түздөн-түз иштеген персоналы;
2) кан куюу кызматынын препараттарды жана кан компоненттерин даярдоого түздөн-түз катышкан адистер.
2. ВИЧ менен ооруган адамдын эмгегин пайдаланууну жөнгө салуучу адистиктердин жана кызмат орундарынын Тизмегинин тиркемесине ылайык 12 айда бир жолу берилүүчү ВИЧ учурунда натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүү жөнүндө медициналык маалымкат болгон шартта менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарында инвазивдүү медициналык процедураларды жүзөгө ашырган ВИЧ менен ооруган адамдарга (жарандык жана аскердик медициналык персоналды кошкондо) иштөөгө жол берилет.
3. Саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдык мекемелерде менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан инвазивдүү медициналык процедураларды жүзөгө ашырбаган персоналга (жарандык жана аскердик медициналык персоналды кошкондо) чектөөсүз иштөөгө жол берилет.
4. ВИЧ учурунда натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүү жөнүндө медициналык маалымкат ВИЧ менен ооруган адамды байкоо жүргүзгөн жери боюнча мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунда 12 айга берилет.
|
| ВИЧ менен ооруган адамдарды эмгекке тартууну жөнгө салуучу адистиктердин жана кызмат орундарынын тизмегине тиркеме |
ВИЧ учурунда натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүү жөнүндө медициналык маалымкат(*)
1. Саламаттык сактоо уюму ___________________________________________________________
2. Бейтаптын аты-жөнү _______________________________________________________________
3. Туулган датасы ___________________________________________________________________
4. ВИЧ аныкталган дата ______________________________________________________________
5. Антиретровирустук терапиянын башталган датасы _____________________________________
6. Активдүү оппортунисттик оорулар ___________________________________________________
Бар/жок (керектүүсүнүн асты сызылат)
7. Вирустук жүк
а) жыйынтыгы, дата ________________________________________________________________
б) жыйынтыгы, дата ________________________________________________________________
Корутунду: натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүлөт.
Корутунду берген адистин аты-жөнү
_________________________________________________________________________________
Колу ___________________________________
Дата _____________________ (12 айга чейин жарактуу)
МО (уюмдун мөөрү жана адистин өздүк мөөрү)
(*) ВИЧ учурунда натыйжалуу үзгүлтүксүз медициналык байкоо жүргүзүүнүн критерийлери ВИЧти дарылоо маселелери боюнча клиникалык протоколдор жана клиникалык колдонмолор менен аныкталат.
|
| 5-тиркеме |
ВИЧ боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүгө укуктуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын ТИЗМЕГИ
ВИЧ менен ооруган адамдарга медициналык, социалдык жана башка жардам көрсөтүү, ВИЧти лабораториялык диагностикалоо, инфекцияланган материалды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, диагностика үчүн биологиялык препараттарды өндүрүү, ошондой эле дарылоо жана алдын алуу менен иштеген кызматкерлер 14 календардык күнгө созулган кошумча акы төлөнүүчү өргүүгө укуктуу.
№ | Уюмдар жана кызмат орундары | Аткарылган иштин мүнөзү |
1 | ВИЧти контролдоо боюнча саламаттык сактоо уюмдары, анын ичинде медициналык персоналдын, жетекчилердин, адистердин, кызматчылардын жана жумушчу кесиптердин кызмат орундары | Диагностикалоо, инфекцияланган материалды пайдалануу менен лабораториялык изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүн жүргүзүү, ВОА консультация берүү, текшерүү, дарылоо, алдын алуу, социалдык коштоо, юридикалык жардам, психологиялык жардам көрсөтүү: эсепке алуу жана отчеттуулук, логистика жана ВИЧке байланыштуу калкка жардам көрсөтүү менен байланышкан башка кызматтар |
2 | Медициналык персоналдын кызмат ордунда ВОАны дарылоо кызматтарын көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары | ВОАны дарылоо жана түздөн-түз тейлөө |
3 | Медициналык персоналдын кызмат ордунда канды, биологиялык материалдарды жана суюктуктарды ВИЧке изилдөө жүргүзүү жүктөлгөн саламаттык сактоо уюмдарынын жана илимий-изилдөө мекемелеринин лабораториялары | Канды, биологиялык материалдарды, суюктуктарды ВИЧке лабораториялык изилдөөнүн бардык түрлөрүн жүргүзүү, эгерде алар күн сайын толук жумуш ставкада иштесе |
4 | Ишканалардын (өндүрүштөрдүн) илимий-өндүрүштүк бирикмелери жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, анын ичинде медициналык иммунобиологиялык препараттарды даярдоо боюнча бактериялык жана вирустук препараттарды өндүрүү боюнча цехтер: медициналык, персоналдын, жетекчилердин, адистердин, кызматчылардын жана жумушчу кесиптердин кызмат орундары | ВИЧти камтыган материал менен иштөө |