Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 24-декабры № 6-д
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдын 1-сентябрындагы № 3-д “Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде түзүлүүчү типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү өркүндөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”, 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө” токтомунун 18-пунктунун 7-пунктчасын жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдын 1-сентябрындагы № 3-д “Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде түзүлүүчү типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде түзүлүүчү типтүү башкаруу архив документтеринин тизмегинин;
11-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
11 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору жана тескемелери, уюмдардын жетекчилеринин буйруктары жана тескемелери; аларга тиешелүү документтер (маалым каттар, жыйындылар, маалыматтар ж.б.): |
|
| |
| а) негизги (өндүрүштүк) ишмердүүлүк боюнча; | Туруктуу (1)
| Кагаз түрүндөгү документтер.
(1) Маалымат үчүн жиберилген – зарылдыгы өткөнчө | |
| б) административдик-чарбалык маселелер боюнча; | 3 жыл | Электрондук документтер | |
| в) өздүк курам (кабыл алуу (кызмат ордуна дайындоо), бошотуу (кызмат ордунан бошотуу), которуу, аттестациялоо, квалификациясын жогорулатуу, наамдарды (чендерди) ыйгаруу, сыйлоо, дем берүү, премиялоо, эмгек келишимдерин (контракттарын) узартуу, жаңы эмгек келишимдерин (контракттарын) түзүү, жалдоону контракттык түргө которуу, үстөктөрдү, кошумча төлөмдөрдү белгилөө, убактылуу орун басарлык, квалификациялык категорияларды, разряддарды, класстарды ыйгаруу, тарифтик маяналарды жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын чегинде жана чет өлкөгө узак (бир айдан ашык) кызматтык иш сапарлар, кызматкерлердин аты-жөндөрүн өзгөртүү жөнүндө) боюнча | 60 жыл
| Электрондук документтер.
Ведомстволук сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого өткөрүлүп берилет | |
| г) эмгек өргүүлөрүн берүү, эмгек өргүүдөн чакыртуу, тартиптик жаза чарасын колдонуу, нөөмөтчүлөрдү дайындоо, Кыргыз Республикасынын чегинде жана чет өлкөгө кызматтык иш сапарлар, материалдык жардам көрсөтүү, квалификацияны жогорулатууга (кайра даярдоого, такшалууга) жиберүү жөнүндө | 3 жыл | Электрондук документтер |
”
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин архив иши боюнча сектору үч иш күндүн ичинде:
1) ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.К. Кожомуратовго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасы санариптик өнүктүрүү министри |
Н.А. Кутнаева |