КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта-Талдык айылдык Кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2024-жылдын 26-январы № 21/13
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ордо айылынын ысымы жок көчөсүнө «Абдраманов Турат» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Кызыл-Ордо айылынын тургуну Абдраманов Өмүрзактын арызын карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Ордо айылынын ысымы жок көчөсүнө «Абдраманов Турат» атындагы көчө деп ысым берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| К.Абдраев |