Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 25-декабры № 848-т
Санариптик экономиканын көрсөткүчтөрүнүн өсүү темпине жетишүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Маалыматтарды берүүгө жооптуу болуп аныкталган мамлекеттик органдар жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 20-январына чейинки мөөнөттө ар бир өткөн жыл үчүн санариптик экономиканы өлчөө индексин эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине толук жана анык маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
1) жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 20-февралына чейинки мөөнөттө 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча биринчи эсептөөдөн баштап санариптик экономиканын индексин өлчөөнүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине берсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий веб-сайтына жарыяласын;
2) 2025-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө санариптик экономиканы өлчөө индексин эсептөө үчүн зарыл болгон мамлекеттик органдардын маалыматтарын чогултууну жана иштеп чыгууну камсыздоого мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү борборлоштурулган санариптик платформаны иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 25-декабры № 848-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9- сентябрындагы №772-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Санариптик экономиканын көрсөткүчтөрүнүн өсүү темпине жетишүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Маалыматтарды берүүгө жооптуу болуп аныкталган мамлекеттик органдар жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-февралына чейинки мөөнөттө ар бир өткөн жыл үчүн санариптик экономиканы өлчөө индексин эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине толук жана анык маалыматты берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9- сентябрындагы №772-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги:
1) жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-мартына чейинки мөөнөттө 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча биринчи эсептөөдөн баштап санариптик экономиканын индексин өлчөөнүн натыйжаларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине берсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин расмий веб-сайтына жарыяласын;
2) 2026-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө санариптик экономиканы өлчөө индексин эсептөө үчүн зарыл болгон мамлекеттик органдардын маалыматтарын чогултууну жана иштеп чыгууну камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү борборлоштурулган санариптик платформаны иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча чараларды көрсүн.