КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта-Талдык айылдык Кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2024-жылдын 26-январы № 21/17
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Кара-Сөгөт айылынын тургуну Кыдыров Жоомарт Каримовичтин арызы жөнүндө
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин аймагындагы Кара-Сөгөт айылынын тургуну Кыдыров Жоомарттын арызын карап чыгып жана талкуулап, Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Сөгөт айылынын тургуну Кыдыров Жоомарттын агасы Кыдыров Бакытбек, көптөн бери ооруп жүргөн. Учурда оорусу күчөп тез арада операция жасатууга муктаж. Анын дары-дармегине акча каражаты керек болуп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтү тарабынан 15000 (он беш миң) сом акчалай жардам берүү жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Ураимовго жүктөлсүн.
Төрага: |
| К.Абдраев |