Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 848-т тескемесине) |
Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө жобо өзүнө санариптик экономика жаатында өлкөнүн өнүгүү абалына жана динамикасына талдоо жана мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүү жана колдонуу багытында кабыл алынган саясаттын жана иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоого мүмкүнчүлүк берген негизги көрсөткүчтөрдүн системасын камтыган өлкөнүн санариптик өнүгүү деңгээлин баалоо жана чагылдыруу үчүн иштелип чыккан комплекстүү инструмент болуп саналат.
2. Санариптик экономиканы өлчөө индексин (мындан ары - Индекс) иштеп чыгуунун негизги максаты санариптик өнүктүрүүдөгү прогресске байкоо жүргүзүү, негизги тенденцияларды аныктоо жана жакшыртууну жана өнүктүрүүнү талап кылган тармактарды жана багыттарды аныктоо болуп саналат.
3. Баалоо предмети болуп отчеттук мезгилде санариптик экономиканын көрсөткүчтөрүнүн өсүү темптерине жетишүү болуп саналат, бул өлкөнү санариптик трансформациялоо максатында артыкчылыктуу милдеттерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн негиз болот.
4. Индексти түзүү төмөнкү принциптерге негизделген:
1) объективдүүлүк - көрсөткүчтөрдү тандоо жана эсептөө методологиясы объективдүү маалыматтарга негизделүүгө тийиш;
2) комплекстүүлүк - Индекс толук жана ар тараптуу талдоо үчүн санариптик экономиканын аспектилеринин кеңири спектрин камтууга тийиш;
3) актуалдуулук - Индекс санариптик экономикадагы акыркы тенденцияларды чагылдыруу үчүн анын компоненттерине оперативдүү түрдө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш, ошону менен өзгөрүп жаткан шарттарга жана керектөөлөргө адаптациялоо мүмкүнчүлүгү менен анын актуалдуулугун жана колдонулуучулугун кармап турууга тийиш;
4) ачыктык - эсептөө методологиясы жана баштапкы маалыматтар жыйынтыктарга ишенимдүүлүктү камсыз кылуу үчүн жалпыга жеткиликтүү болушу керек;
5) колдонуунун жөнөкөйлүгү - Индекс жана эсептөө методологиясы колдонуучулар үчүн алардын жеңил чечмелениши жана практиканы колдонулушун камсыз кылгандай түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек.
2-глава. Санариптик экономиканын индексинин компоненттери
5. Санариптик экономиканын индекси тематикалык тармактары боюнча бириктирилген төмөнкүдөй субиндекстерге топтоштурулган:
№ | Субиндекстин аталышы | Мүнөздөмөсү |
1 | Инфратүзүм жана жеткиликтүүлүк (3 параметр, 9 индикатор) | Калк, мамлекеттик органдар жана бизнес үчүн жеткиликтүү МКТ-инфратүзүмүн өнүктүрүү деңгээлин аныктайт |
2 | Санариптик мамлекет (3 параметр, 11 индикатор) | Мамлекеттик кызматтарды санариптик форматта көрсөтүү үчүн МКТны колдонуунун деңгээлин аныктайт |
3 | Экономиканы санариптик трансформациялоонун натыйжалуулугу (2 параметр, 8 индикатор) | МКТны ишке киргизүүнүн экономикалык көрсөткүчтөргө тийгизген таасирин чагылдырат |
4 | Санариптик бизнес (5 параметр, 28 индикатор) | Ишкердик иште МКТны колдонуунун деңгээлин аныктайт |
5 | Киберкоопсуздук (1 параметр, 3 индикатор) | Киберкоопсуздуктун абалын санариптик инструменттерди колдонууну, ошондой эле кесиптик даярдыкты жогорулатуунун деңгээлин камтуу менен чагылдырат |
6 | Адам капиталы (2 параметр, 6 индикатор) | Калктын санариптик көндүмдөрүнүн жана компетенцияларынын деңгээлин өлчөйт |
6. Ар бир субиндекс параметрлердин жана индикаторлордун топтомунан турат (ушул Жобонун 1-тиркемеси).
3-глава. Маалыматтарды чогултуу жол-жобосу, Индексти эсептөө жана аны жарыялоо
7. Санариптик экономиканын деңгээлин баалоо индикаторлорду комплекстүү талдоонун негизинде төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) индексти эсептөө үчүн маалыматтарды чогултуу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги (мындан ары - СӨМ) тарабынан санариптик экономиканын индексин баалоонун алкагында пайдалануу үчүн жеткиликтүү болгон мамлекеттик органдардын маалыматтарынын негизинде ишке ашырылат.
Ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана уюмдар индексти андан ары иштеп чыгуу жана эсептөө үчүн зарыл болгон анык баштапкы ишенимдүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү жана алардын тактыгы жана актуалдуулугу үчүн толук жоопкерчилик тартат;
2) СӨМдүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуусунун жыйынтыгы боюнча бир айлык мөөнөттө Индексти эсептөө жүргүзүлөт, ал санариптик экономиканын учурдагы абалын чагылдырат, жакшыртууну жана өнүктүрүүнү талап кылган тармактарды жана багыттарды аныктайт.
Ар бир өткөн жыл үчүн Индексти эсептөө СӨМ тарабынан жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-февралынан кечиктирилбестен жүргүзүлөт. Индексти эсептөө үчүн ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн эсептөө методдору колдонулат.
Индекс жүргүзүлгөн эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча 10 жумуш күндүн ичинде СӨМдүн расмий веб-сайтында жарыяланат.
|
| Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Санариптик экономиканын субиндекс параметрлеринин жана индикаторлорунун топтому
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9- сентябрындагы №772-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Субиндекс | Параметрлер
| Индикаторлор | Маалымат берүүчү |
1 | Инфратүзүм жана жеткиликтүүлүк
| 1) интернетке жеткиликтүүлүк
| – көчмө радиотелефон байланышынын интернет-колдонуучуларынын саны | СӨИТМ |
– фиксацияланган байланыштын интернет-колдонуучуларынын саны, жеке жактар | СӨИТМ | |||
– фиксацияланган байланыштын интернет-колдонуучуларынын саны, юридикалык жактар | СӨИТМ | |||
– интернетке фиксацияланган кеңири тилкелүү жеткиликтүүлүк менен кошулган социалдык объекттердин саны1 | УСК | |||
2) мобилдик байланыш | – көчмө (мобилдик) радиотелефон байланышынын активдүү абоненттери | СӨИТМ | ||
– көчмө (мобилдик) 3G байланыш тармагы менен камтылган калктуу конуштардын пайызы | СӨИТМ | |||
– көчмө (мобилдик) 4G байланыш тармагы менен камтылган калктуу конуштардын пайызы | СӨИТМ | |||
3) маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору (МИБ) | – МИБдин саны
| СӨИТМ, ЭМ | ||
2 | Санариптик мамлекет
| 1) санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана сервистер
| – электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында санариптик кызматтарды жана сервистерди көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын саны | “Түндүк” ААК |
– бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы санына карата автоматташтырылган жана жарым-жартылай автоматташтырылган электрондук түрдө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн пайызы | СӨИТМ
| |||
– маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү сервистеринин саны | “Түндүк” ААК
| |||
– “Түндүк” ЭВӨСкө кошулган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын саны | “Түндүк” ААК
| |||
– “Түндүк” ЭВӨСтөгү коммерциялык катышуучулардын саны | “Түндүк” ААК
| |||
– “Түндүк” ЭВӨСтөгү G2B форматындагы транзакциялардын саны | “Түндүк” ААК
| |||
– “Түндүк” ЭВӨСтөгү G2G форматындагы транзакциялардын саны | Түндүк” ААК
| |||
2) мамлекеттик органдардын ачыктыгы жана ачык-айкындуулугу
| – Ачык маалыматтар порталына жарыялануучу маалыматтар топтомдорунун саны
| СӨИТМ | ||
– Ачык маалыматтар порталына маалыматтар топтомдорун жарыялоочу мамлекеттик органдардын саны | СӨИТМ
| |||
3) электрондук колтамга каражаттарын колдонуу | – электрондук колтамга каражаттарын колдонуучу жеке жактардын саны | СӨИТМ
| ||
– электрондук колтамга каражаттарын колдонуучу юридикалык жактардын саны | СӨИТМ
| |||
3 | Экономиканы санариптик трансформациялоонун натыйжалуулугу
| 1) экономикалык өсүш
| – МКТ чөйрөсүндөгү жогорку технологиялык импорт, жалпы импорттон % | ЭКМ, УСК |
– МКТ чөйрөсүндөгү жогорку технологиялык экспорт, жалпы экспорттон % | ЭКМ, УСК | |||
2) салык салуу
| – ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 26.20 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК | ||
– ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 26.30 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК
| |||
– ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 27.31 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК
| |||
– ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 61 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК
| |||
– ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 62 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК
| |||
– ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 63 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | МСК
| |||
4 | Санариптик бизнес
| 1) электрондук коммерция
| – чекене сооданын жана дүң сооданын жалпы көлөмүндөгү электрондук сооданын көлөмү | ЭКМ, УСК
|
– электрондук соода чөйрөсүндө катталган субъекттердин саны | МСК
| |||
– катталган контролдук-кассалык машиналардын саны | МСК
| |||
– электрондук соода чөйрөсүндө катталган субъекттердин жалпы түшкөн акчасы | МСК
| |||
2) накталай эмес төлөмдөр
| – акча массасынын түзүмүндө накталай эмес акчанын үлүшү | УБ | ||
– Майда чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жана реалдуу убакыт режиминде эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана көлөмү | УБ | |||
3) банктык төлөм картасы
| – банктык төлөм карталарынын саны | УБ | ||
– банктык төлөм картасы аркылуу операциялардын саны жана көлөмү | УБ | |||
4) өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр жана которуулар2 | – өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн жана которуулардын саны, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн саны | УБ | ||
– өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору аркылуу төлөмдөрдүн жана которуулардын көлөмү, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн суммасы | УБ | |||
5) электрондук акча/капчыктар
| – электрондук акча эмитенттеринин саны | УБ | ||
– электрондук акчаны эсептөөнүн локалдык системаларынын саны | УБ | |||
– электрондук капчыктар ортосунда акча каражаттарын которуу боюнча операциялардын көлөмү (сом менен) | УБ
| |||
– электрондук капчыктар ортосунда акча каражаттарын которуу боюнча которуулардын саны (млн операция) | УБ
| |||
– электрондук акчаны төлөө боюнча операциялардын саны (млн операция) жана электрондук акчаны төлөө боюнча операциялардын көлөмү (млрд сом) | УБ
| |||
– товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча операциялардын көлөмү (млрд сом) | УБ
| |||
– товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча операциялардын саны | УБ
| |||
– электрондук капчыкты толуктоо аркылуу электрондук акчаны жайылтуу боюнча операциялардын саны (млн операция) | УБ
| |||
6) төлөм инфратүзүмүнүн жеткиликтүүлүгү | – соода-сервистик ишканаларда, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде орнотулган QR-коддордун саны | УБ
| ||
– региондор боюнча банкоматтардын саны | УБ | |||
– региондор боюнча POS-терминалдардын саны | УБ
| |||
– төлөм терминалдарынын саны | УБ | |||
7) МКТ чөйрөсүндөгү ишкердик активдүүлүк | – маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга берилген патенттердин саны | ИЖБИМ
| ||
– ЖТПдагы компаниялардын (резиденттердин) түзүлгөн жумуш орундарынын саны | ЖТП | |||
– ЖТП резиденттеринин түшкөн акчасынын көлөмү | ЖТП | |||
– КИПтеги резидент-компаниялардын жүгүртүүсүнүн көлөмү | ЭКМ, КИП | |||
– КИПтеги компаниялар (резиденттер) түзгөн жумуш орундарынын саны | ЭКМ, КИП | |||
5 | Киберкоопсуздук
| 1) киберкоопсуздук жаатындагы маалымдуулук жана даярдык | – киберкоопсуздук багыты боюнча билим берүү мекемелеринин (ЖОЖдордун) бүтүрүүчүлөрүнүн саны | ИЖБИМ
|
– билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоо жол-жобосунан өткөн, кадрларды даярдоонун “Киберкоопсуздук” багыты боюнча билим берүү уюмдарынын жана билим берүү программаларынын саны | ИЖБИМ
| |||
– киберкоопсуздук боюнча окутуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны | СӨИТМ, УКМК, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ЖМКМА | |||
6 | Адам капиталы
| 1) санариптик сабаттуулук жана кесиптик даярдык
| – санариптик трансформациялоо жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын үлүшү | Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик |
– МКТ чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо программаларын сунуштаган билим берүү уюмдарынын (ЖОЖдордун, ОКОЖдордун) саны, билим берүү мекемелеринин жалпы санында | ИЖБИМ
| |||
– эркектер жана аялдар боюнча санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптер жана адистиктер боюнча билим берүү уюмдарынан чыгарылган адистердин саны | ИЖБИМ | |||
– бүтүрүүчүлөрдүн жалпы санына карата катышта санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптер жана адистиктер боюнча билим берүү уюмдарынан чыгарылган адистердин үлүшү | ИЖБИМ
| |||
2) санариптик инклюзия боюнча билим берүү технологияларын жана программаларын ишке киргизүү
| – санариптик көндүмдөр боюнча окуудан өткөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын саны | ЭСКММ
| ||
– санариптик көндүмдөр боюнча окуудан өткөн жумушсуз жарандардын саны
| ЭСКММ
|
_______________________________________
1“Интернетке фиксацияланган кеңири тилкелүү жеткиликтүүлүк менен кошулган социалдык объекттердин саны” индикатору боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен жыл сайын бекитилген Иштердин статистикалык программасына ылайык отчеттук жылдан кийинки жылдын июль айында УСК тарабынан берилиши мүмкүн.
2“Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК
Кыскартуулардын тизмеси:
Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
ЖМКМА | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик |
УКМК | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ЭИМК | – | Кыргыз Республикасынын “Экономикалык иштин түрлөрү” мамлекеттик классификатору |
МСК | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МКТ | – | маалыматтык-коммуникациялык технологиялар |
ИЖБИМ | – | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
ЭСКММ | – | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
СӨИТМ | – | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги |
ЭМ | – | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
УБ | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
УСК | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
“Түндүк” ААК | – | “Түндүк” ачык акционердик коому |
КИП | – | Креативдүү индустриялар паркы |
ЖТП | – | Жогорку технологиялар паркы |
ЭВӨС | – | электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы. |
|
| Санариптик экономиканы өлчөө индекси жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Санариптик экономика индексин эсептөө методдору
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9- сентябрындагы №772-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Индикаторлор | Маалымат булактары | Өлчөө бирдиги | Толтуруу боюнча сунуштамалар (эсептөө методдору) | Кошумча эскертүү |
1 | Көчмө радиотелефон байланышынын интернет-колдонуучуларынын саны | Байланыш операторлору-нун маалыматтары, статистикалык отчеттор | Бирд. | Көчмө радиотелефон байланышы аркылуу мобилдик интернетти колдонгон колдонуучулардын саны эсептелет | Алдын ала төлөнгөн жана кийин төлөнгөн тарифтер менен колдонуучуларды эске алуу керек; маалыматтар интернетке кирүү үчүн мобилдик түзүлүштөрдү колдонгон колдонуучуларды камтууга тийиш |
2 | Фиксацияланган байланыштын интернет-колдонуучуларынын саны, жеке жактар | Байланыш операторлору-нун маалыматтары, статистикалык отчеттор | Бирд. | Фиксацияланган кошуу (үйдө туташтыруу ж.б.) аркылуу интернетти колдонгон колдонуучулардын саны эсептелет | Тарифтин түрүнө карабастан, интернетке фиксацияланган кирүүнү колдонгон бардык колдонуучуларды эске алуу керек |
3 | Фиксацияланган байланыштын интернет-колдонуучуларынын саны, юридикалык жактар | Байланыш операторлору-нун маалыматтары, статистикалык отчеттор | Бирд. | Фиксацияланган кошуу аркылуу интернетти колдонгон юридикалык жактардын саны эсептелет | Интернетке фиксацияланган кирүү менен бардык юридикалык жактарды, анын ичинде чакан жана орто ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды эске алуу керек |
4 | Интернетке кеңири тилкелүү жеткиликтүүлүк менен кошулган социалдык объекттердин саны | Мамлекеттик органдардын, байланыш операторлору-нун маалыматтары, статистикалык отчеттор | Бирд. | Фиксацияланган интернетке кеңири тилкелүү жеткиликтүүлүгү бар социалдык объекттердин саны эсептелет | Социалдык объекттерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик менчик формасындагы мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдары, мамлекеттик менчик формасындагы медициналык мекемелер, мамлекеттик менчик формасындагы маданият, спорт, маалымат, жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мекемелер, китепканалар кирет |
5 | Көчмө (мобилдик) радиотелефон байланышынын активдүү абоненттери | Байланыш операторлору-нун маалыматтары, статистикалык отчеттор | Бирд. | Көчмө (мобилдик) радиотелефон байланышынын активдүү абоненттеринин саны эсептелет | Алдын ала төлөнгөн жана кийин төлөнгөн тарифтик пландары бар абоненттерди эске алуу керек |
6 | Көчмө (мобилдик) 3G байланыш тармагы менен камтылган калктуу конуштардын пайызы | Байланыш операторлору-нун маалыматтары | % | Көчмө (мобилдик) 3G уюлдук байланыш сигналын кабыл алуу зонасында жайгашкан калктуу конуштардын пайыздык үлүшү чагылдырылат | Кыргыз Республикасынын бардык калктуу конуштарын эске алуу керек |
7 | Көчмө (мобилдик) 4G байланыш тармагы менен камтылган калктуу конуштардын пайызы | Байланыш операторлору-нун маалыматтары | % | Көчмө (мобилдик) 4G уюлдук байланыш сигналын кабыл алуу зонасында жайгашкан калктуу конуштардын пайыздык үлүшү чагылдырылат | Кыргыз Республикасынын бардык калктуу конуштарын эске алуу керек |
8 | МИБдин саны | МИБди инвентаризация-лоо, мамлекеттик органдардын отчеттору | Бирд. | МИБдин саны эсептелет | Борбордук жана региондук да МИБди эске алуу керек |
9 | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында санариптик кызматтарды жана сервистерди көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын саны | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү инвентаризация-лоо, мамлекеттик органдардын маалыматтары | Бирд. | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында санариптик кызматтарды жана сервистерди көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын саны эсептелет | Санариптик кызматтарды жана сервистерди көрсөтүүчү бардык мамлекеттик органдарды эске алуу керек |
10 | Бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы санына карата автоматташтырылган жана жарым-жартылай автоматташтырылган электрондук түрдө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн пайызы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү инвентаризация-лоо, мамлекеттик органдардын маалыматтары | % | Автоматташтырылган жана жарым-жартылай автоматташтырылган электрондук түрдө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы санына бөлүү жана 100гө көбөйтүү аркылуу эсептелет | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын (колдонуунун ыңгайлуулугун, алуу ылдамдыгын) эске алуу керек |
11 | Маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү сервистеринин саны | Мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын талдоо | Бирд. | Маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн сервистеринин саны эсептелет | Сервистердин түрлөрүн (маалыматтарды интеграциялоо, маалымат алмашуу) эске алуу керек |
12 | “Түндүк” ЭВӨСкө кошулган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын саны | “Түндүк” ААКтын маалыматтары | Бирд. | “Түндүк” ЭВӨСкө кошулган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын саны эсептелет. Кошулуулардын үлүшүн аныктоо үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жалпы санын көрсөтүү сунушталат | Системага кошулган бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарды эске алуу керек |
13 | “Түндүк” ЭВӨСтөгү коммерциялык катышуучулардын саны | “Түндүк” ААКтын маалыматтары | Бирд. | Катталган коммерциялык катышуучулардын саны эсептелет | Чакан жана орто бизнести кошкондо, бардык катышуучулардын түрлөрүн эске алуу керек |
14 | “Түндүк” ЭВӨСтөгү G2B форматындагы транзакциялардын саны | “Түндүк” ААКтын маалыматтары, статистикалык отчеттор | Бирд. | Бизнестен мамлекетке болгон транзакциялардын саны эсептелет | Аяктаган транзакцияларды гана эске алуу керек |
15 | “Түндүк” ЭВӨСтөгү G2G форматындагы транзакциялардын саны | “Түндүк” ААКтын маалыматтары, статистикалык отчеттор | Бирд. | Мамлекеттик органдардын ортосундагы транзакциялардын саны эсептелет | Аяктаган транзакцияларды гана эске алуу керек |
16 | Ачык маалыматтар порталына жарыялануучу маалыматтар топтомдорунун саны | Ачык маалыматтар порталындагы маалыматтарды талдоо | Бирд. | Ачык маалыматтар порталына жарыяланган маалыматтар топтомдорунун, анын ичинде машина окуй турган маалыматтардын саны эсептелет | Маалыматтардын топтомдорунун бардык түрлөрүн эске алуу керек |
17 | Ачык маалыматтар порталына маалыматтар топтомдорун жарыялоочу мамлекеттик органдардын саны | Ачык маалыматтар порталынын маалыматтары, мамлекеттик органдардын отчеттору | Бирд. | Маалыматтарды активдүү жарыялаган органдардын саны эсептелет | Өз маалыматтар топтомдорун дайыма жаңылаган органдарды гана эске алуу керек |
18 | Электрондук колтамга каражаттарын колдонуучу жеке жактардын саны | Ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтары, калкты сурамжылоо | Бирд. | Электрондук колтамга каражаттарын колдонгон жеке жактардын саны эсептелет | Жаш курагы боюнча топторду, региондорду эске алуу керек |
19 | Электрондук колтамга каражаттарын колдонгон юридикалык жактардын саны | Ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтары, уюмдарды сурамжылоо | Бирд. | Электрондук колтамга каражаттарын колдонгон юридикалык жактардын саны эсептелет | Ар түрдүү тармактарды жана ар кандай уюштуруу-укуктук формаларды (мисалы, жеке ишкерлер, ЖЧК, ЖАК ж.б.) эске алуу керек |
20 | МКТ чөйрөсүндөгү жогорку технологиялык импорт, жалпы импорттон % | Ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтары | % | МКТ чөйрөсүндөгү жогорку технологиялуу импорттун көлөмүн импорттун жалпы көлөмүнө бөлүү жана 100гө көбөйтүү аркылуу эсептелет | Товарларды тандоо ЕАЭБдин “Жогорку технологиялуу товарларынын” 4 белгинин деңгээлиндеги классификациялык тобунан жүргүзүлөт. Ошону менен бирге маалыматтарда чагылдырылган импорттолгон товарлардын баары тең эле Кыргыз Республикасында керектелбейт |
21 | МКТ чөйрөсүндөгү жогорку технологиялык экспорт, жалпы экспорттон % | Ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтары | % | МКТ чөйрөсүндөгү жогорку технологиялык экспорттун көлөмүн экспорттун жалпы көлөмүнө бөлүү жана 100гө көбөйтүү аркылуу эсептелет | Товарларды тандоо ЕАЭБдин “Жогорку технологиялуу товарларынын” 4 белгинин деңгээлиндеги классификациялык тобунан жүргүзүлөт. Ошону менен бирге маалыматтарда чагылдырылган экспорттолгон товарлардын баары тең эле Кыргыз Республикасында өндүрүлбөйт (реэкспорт) |
22 | ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 26.20 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | Салык органдарынын маалыматтары | Сумма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 26.20 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн жалпы суммасы эсептелет | МКТ, байланыш чөйрөсүндөгү ишке, ошондой эле санариптик экономиканын деңгээлине таасир этүүчү башка багыттарга байланышкан салыктык чегерүүлөрдү эске алуу керек |
23 | ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 26.30 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | Салык органдарынын маалыматтары | Сумма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 26.30 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн жалпы суммасы эсептелет | МКТ, байланыш чөйрөсүндөгү ишке, ошондой эле санариптик экономиканын деңгээлине таасир этүүчү башка багыттарга байланышкан салыктык чегерүүлөрдү эске алуу керек |
24 | ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 27.31 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | Салык органдарынын маалыматтары | Сумма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 27.31 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн жалпы суммасы эсептелет | МКТ, байланыш чөйрөсүндөгү ишке, ошондой эле санариптик экономиканын деңгээлине таасир этүүчү башка багыттарга байланышкан салыктык чегерүүлөрдү эске алуу керек |
25 | ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 61 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | Салык органдарынын маалыматтары | Сумма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 61 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн жалпы суммасы эсептелет | МКТ, байланыш чөйрөсүндөгү ишке, ошондой эле санариптик экономиканын деңгээлине таасир этүүчү башка багыттарга байланышкан салыктык чегерүүлөрдү эске алуу керек |
26 | ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 62 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | Салык органдарынын маалыматтары | Сумма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 62 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн жалпы суммасы эсептелет | МКТ, байланыш чөйрөсүндөгү ишке, ошондой эле санариптик экономиканын деңгээлине таасир этүүчү башка багыттарга байланышкан салыктык чегерүүлөрдү эске алуу керек |
27 | ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 63 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн суммасы | Салык органдарынын маалыматтары | Сумма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген ЭИМКге ылайык экономикалык иштин 63 коду боюнча катталган субъекттердин салыктык чегерүүлөрүнүн жалпы суммасы эсептелет | МКТ, байланыш чөйрөсүндөгү ишке, ошондой эле санариптик экономиканын деңгээлине таасир этүүчү башка багыттарга байланышкан салыктык чегерүүлөрдү эске алуу керек |
28 | Чекене сооданын жана дүң сооданын жалпы көлөмүндөгү электрондук сооданын көлөмү | Салык жана статистикалык органдарынын маалыматтары | % жана/же бирд. | Электрондук каналдар аркылуу сатуулар жөнүндө маалыматтар да, бүткүл чекене жана дүң соода боюнча толук топтолгон маалыматтар да эсептелет | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин 2024-жылдын 16-октябрындагы № 13 токтому менен бекитилген Электрондук коммерциянын (сооданын) статистикасы боюнча методологиялык жобого ылайык электрондук коммерциянын статистикасы боюнча кварталдык отчеттун жыйынтыгы менен тактоо керек |
29 | Электрондук соода чөйрөсүндө катталган субъекттердин саны | Электрондук коммерция рыногун талдоо, домендик атоолорду каттоо жөнүндө маалыматтар, ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтары | Бирд. | Электрондук соода чөйрөсүндө катталган субъекттердин саны эсептелет | Платформалардын (маркетплейстер, интернет-дүкөндөр) типтерин эсепке алуу керек |
30 | Катталган контролдук-кассалык машиналардын саны | Ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтары, төлөм системаларынын отчеттору | Бирд. | Катталган контролдук-кассалык машиналардын саны эсептелет | Контролдук-кассалык машиналардын бардык түрлөрүн, анын ичинде интернет-дүкөндөрдө жана башка онлайн-сервистерде пайдаланылгандарды эске алуу керек |
31 | Электрондук соода чөйрөсүндө катталган субъекттердин жалпы түшкөн акчасы | Салык органдарынын маалыматтары | Сумма | Электрондук соода чөйрөсүндө катталган субъекттердин түшкөн акчасынын жалпы суммасы эсептелет | Бардык катталган субъекттерди, анын ичинде интернет-дүкөндөрдү жана маркетплейстерди, ошондой эле электрондук сооданын бардык түрлөрүнөн түшкөн кирешелерди эске алуу керек |
32 | Акча массасынын түзүмүндө накталай эмес акчанын үлүшү | Улуттук банктын статистикалык отчеттору | % | Улуттук банктын методикасына ылайык эсептелет | Жүгүртүүдөгү накталай эмес акча каражаттарынын (банк системасындагы акча) үлүшү эске алынат |
33 | Майда чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жана реалдуу убакыт режиминде эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана көлөмү | Улуттук банктын статистикалык отчеттору | Млн; бирд./млрд; сом | Отчеттук мезгилдерде маалыматтарды кошуу аркылуу эсептелет | Банктар аралык системалардын маалыматтарын эске алуу керек |
34 | Банктык төлөм карталарынын саны | Коммерциялык банктардын маалыматтары | Бирд. | Саны | Төлөм карталарынын бардык типтерин, анын ичинде дебеттик, кредиттик, алдын ала төлөнгөн жана корпоративдик карталарды эске алуу керек |
35 | Банктык төлөм картасы аркылуу операциялардын саны жана көлөмү | Коммерциялык банктардын маалыматтары | Бирд. млн | Банктык төлөм карталарын колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана көлөмү | Төлөм карталарынын бардык типтерин, анын ичинде дебеттик, кредиттик, алдын ала төлөнгөн жана корпоративдик карталарды эске алуу керек |
36 | Өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн жана которуулардын саны, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр | Банк иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, төлөм системаларынын операторлору-нун отчеттору | Бирд. | Төлөмдөрдүн жана которуулардын, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн жалпы саны эсептелет | Онлайн төлөө үчүн жеткиликтүү болгон мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүн эске алуу керек |
37 | Өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору аркылуу төлөмдөрдүн жана которуулардын көлөмү, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн суммасы | Банк иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, төлөм системаларынын операторлору-нун отчеттору | Сумма | Өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн жана которуулардын жалпы суммасы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн жалпы суммасы эсептелет | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн айрым суммаларды кошкондо, бардык жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн суммасын эске алуу керек |
38 | Электрондук акча эмитенттеринин саны | Банк иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, финансылык отчеттор | Бирд. | Электрондук акча чыгарган коммерциялык банктардын саны эсептелет | Лицензияланган банктарды жана электрондук акча чыгаруу укугу бар башка жактарды гана эсепке алуу керек |
39 | Электрондук акчаны эсептөөнүн локалдык системаларынын саны | Банк иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, жөнгө салуучулардын отчеттору | Бирд. | Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептөөлөрдү жүргүзгөн локалдык системалардын жалпы саны эсептелет | Мамлекеттик да, жеке да системаларды эске алуу керек |
40 | Электрондук капчыктар ортосунда акча каражаттарын которуу боюнча операциялардын көлөмү (сом менен) | Банк иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, финансылык отчеттор | Сумма | Электрондук капчыктар ортосундагы бардык которуулардын жалпы көлөмү эсептелет | Бардык которууларды, анын ичинде ички жана банктар аралык которууларды эске алуу керек |
41 | Электрондук капчыктар ортосунда акча каражаттарын которуу боюнча которуулардын саны (млн операция) | Банк иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, төлөм системаларынын операторлору-нун отчеттору | Млн операция | Электрондук капчыктар ортосунда акча каражаттарын которуу операцияларынын жалпы саны эсептелет | Которуулардын бардык түрлөрүн, анын ичинде микро которууларды эске алуу керек |
42 | Электрондук акчаны төлөө боюнча операциялардын саны (млн операция) жана электрондук акчаны төлөө боюнча операциялардын көлөмү (млрд сом) | Банк иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, финансылык отчеттор | Млн операция, сумма | Электрондук акчаны төлөө менен байланышкан операциялардын саны жана операциялардын көлөмү эсептелет | Операциялардын жалпы санын да, электрондук акчаны төлөө боюнча операциялардын жалпы көлөмүн да эске алуу керек |
43 | Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча операциялардын көлөмү (млрд сом) | Банк иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, финансылык отчеттор | Сумма | Электрондук акчаны пайдалануу менен товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча бардык операциялардын жалпы көлөмү эсептелет | Электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлгөн бардык операцияларды эсепке алуу керек |
44 | Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча операциялардын саны | Банк иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, төлөм системаларынын операторлору-нун отчеттору | Млн операция | Электрондук акчаны пайдалануу менен товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө операцияларынын жалпы саны эсептелет | Электрондук капчыктар аркылуу төлөнгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүн эске алуу керек |
45 | Электрондук капчыкты толуктоо аркылуу электрондук акчаны жайылтуу боюнча операциялардын саны (млн операция) | Банк иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, финансылык отчеттор | Млн операция | Электрондук капчыктарды толуктоо операцияларынын жалпы саны эсептелет | Электрондук капчыктарды толуктоонун бардык түрлөрүн эске алуу керек |
46 | Соода-сервистик ишканаларда, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде орнотулган QR-коддордун саны | Банктардын, төлөм уюмдарынын маалыматтары | Бирд. | Отчеттук мезгилде орнотулган QR-коддордун жалпы саны эсептелет | Орнотулган бардык QR-коддорду эске алуу керек |
47 | Региондор боюнча банкоматтардын саны | Банктардын маалыматтары, төлөм системаларынын отчеттору, финансылык мекемелердин статистикасы | Бирд. | Региондор боюнча отчеттук мезгилде орнотулган банкоматтардын жалпы саны эсептелет | Банкоматтардын бардык типтерин, анын ичинде акча операцияларын гана камсыз кылган жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (мисалы, эсепти толуктоо, төлөмдөр) сунуштаган банкоматтарды эске алуу керек |
48 | Региондор боюнча POS-терминалдардын саны | Банктардын маалыматтары, төлөм системаларынын отчеттору, соода тармактарынын статистикасы | Бирд. | Региондор боюнча отчеттук мезгилде орнотулган POS-терминалдардын жалпы саны эсептелет | POS-терминалдардын бардык түрлөрүн, анын ичинде стационардык жана мобилдик түзүлүштөрдү эске алуу керек |
49 | Төлөм терминалдарынын саны
| Банктардын, төлөм уюмдарынын маалыматтары | Бирд. | Отчеттук мезгилде орнотулган терминалдардын жалпы саны эсептелет | Терминалдардын бардык типтерин эске алуу керек |
50 | Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга берилген патенттердин саны | Патенттик маалымат базалары | Бирд. | Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга берилген патенттердин саны эсептелет | Ойлоп табуулардын типтерин (программалык камсыздоо, аппараттык каражаттар) эске алуу керек |
51 | Жогорку технологиялар паркында компаниялардын (резиденттердин) түзүлгөн жумуш орундарынын саны | Жогорку технологиялар паркынын маалыматтары, резидент компаниялардын отчеттору | Бирд. | Жогорку технологиялар паркында түзүлгөн компаниялардын (резиденттердин) жумуш орундарынын жалпы саны эсептелет | Компанияларда катталган жумуш орундарын гана эске алуу керек |
52 | Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин түшкөн акчасынын көлөмү | Жогорку технологиялар паркынын маалыматтары, компаниялардын финансылык отчеттору | Сумма | Отчеттук мезгилде Жогорку технологиялар паркындагы бардык резидент компаниялардын түшкөн акчасынын жалпы көлөмү эсептелет | Жогорку технологиялар паркында сатылуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүн эске алуу керек |
53 | Креативдүү индустриялар паркындагы резидент-компаниялардын жүгүртүүсүнүн көлөмү | Креативдүү индустриялар паркынын маалыматтары, компаниялардын финансылык отчеттору | Сумма | Креативдүү индустриялар паркында иштеген компаниялардын жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү эсептелет | Чыгармачылык жана инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кошкондо, иштин бардык түрлөрүн эске алуу керек |
54 | Креативдүү индустриялар паркында компаниялардын (резиденттердин) түзүлгөн жумуш орундарынын саны | Креативдүү индустриялар паркынын маалыматтары, компаниялардын отчеттору | Бирд. | Креативдүү индустриялар паркында түзүлгөн компаниялардын (резиденттердин) жумуш орундарынын жалпы саны эсептелет | Резидент-компанияларда катталган жумуш орундарын гана эске алуу керек |
55 | Киберкоопсуздук багыты боюнча билим берүү мекемелеринин (ЖОЖдордун) бүтүрүүчүлөрүнүн саны | Билим берүү мекемелеринин статистикалык отчеттору, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары | Бирд. | Отчеттук мезгилде киберкоопсуздук жаатындагы адистиктер жана багыттар боюнча ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн саны эсептелет | Бүтүрүүчүлөрдү билим берүүнүн бардык деңгээлдери (бакалавриат, магистратура, аспирантура) жана киберкоопсуздукка байланышкан бардык багыттар боюнча эске алуу керек |
56 | Билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоо жол-жобосунан өткөн, кадрларды даярдоонун “Киберкоопсуздук” багыты боюнча билим берүү уюмдарынын жана билим берүү программаларынын саны | Аккредитация-лоочу уюмдардын, билим берүү программалары-нын маалыматтары, билим берүү мекемелеринин статистикалык отчеттору, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары | Бирд. | Билим берүү программаларынын, киберкоопсуздук боюнча окутуу жүргүзүү үчүн аккредитацияланган билим берүү мекемелеринин санын эсептөө аркылуу эсептелет | Аккредитациялоонун бардык формаларын, анын ичинде мамлекеттик жана жеке аккредитацияларды эске алуу керек. Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги мекемелерди, ошондой эле “Киберкоопсуздук” кадрларын даярдоо багыты боюнча билим берүү программаларын киргизүү керек |
57 | Киберкоопсуздук боюнча окутуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны | Мамлекеттик органдардын маалыматтары, окутуу боюнча статистикалык отчеттор, окутуу жөнүндө маалыматтар, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары | Бирд. | Киберкоопсуздук боюнча окутуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны эсептелет | Киберкоопсуздук боюнча сертификатталган курстардан жана тренингдерден өткөн кызматчыларды гана эске алуу керек. Кызматчылардын бардык деңгээлдерин жана категорияларын киргизүү керек |
58 | Санариптик трансформациялоо жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын үлүшү | Мамлекеттик органдардын отчеттору, статистикалык отчеттор, окутуу жөнүндө маалыматтар | % | Квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санын кызматчылардын жалпы санына бөлүү жана 100гө көбөйтүү аркылуу эсептелет | Санариптик трансформация жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча квалификацияны жогорулатуунун сертификацияланган курстарынан өткөн кызматчыларды гана эсепке алуу керек |
59 | Билим берүү уюмдарынын (ЖОЖдордун жана ОКОЖдордун) жалпы санында МКТ чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо программаларын сунуштаган билим берүү уюмдарынын (ЖОЖдордун, ОКОЖдордун) саны | Билим берүү программалары-на серептер, уюмдардын сурамжылооло-ру, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары | Бирд. | МКТ чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо программаларын сунуштаган ЖОЖдордун жана ОКОЖдордун саны эсептелет. Үлүшүн аныктоо үчүн МКТ чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо программаларын сунуштаган ЖОЖдордун жана ОКОЖдордун санын ЖОЖдордун жана ОКОЖдордун жалпы санына бөлүү жана 100гө көбөйтүү керек | Программалардын типтерин (кыска курстар, узак мөөнөттүү программалар), окутуунун форматтарын эске алуу керек |
60 | Эркектер жана аялдар боюнча санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптер жана адистиктер боюнча билим берүү уюмдарынан чыгарылган адистердин саны | Билим берүү мекемелеринин статистикалык отчеттору, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары | Бирд. | Отчеттук мезгилде санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча диплом алган бүтүрүүчүлөрдүн саны эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө эсептелет | Санариптик технологиялар жаатындагы кесиптер жана адистиктер боюнча бардык бүтүрүүчүлөрдү, анын ичинде бакалаврларды, магистрлерди, аспиранттарды жана дипломдуу адистерди эске алуу керек |
61 | Бүтүрүүчүлөрдүн жалпы санына карата катышта санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптер жана адистиктер боюнча билим берүү уюмдарынан чыгарылган адистердин үлүшү | Билим берүү мекемелеринин статистикалык отчеттору, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары | % | Санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча чыгарылган адистердин санын билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы санына бөлүү жана 100гө көбөйтүү аркылуу эсептелет | Санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү бардык багыттар боюнча бакалаврларды, магистрлерди, аспиранттарды жана дипломдуу адистерди кошо алганда, билим берүү мекемелеринин бардык бүтүрүүчүлөрүн эске алуу керек |
62 | Санариптик көндүмдөр боюнча окуудан өткөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын саны | Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктө-рү чектелген адамдар үчүн окутуу программалары | Бирд. | Санариптик көндүмдөр боюнча курстарды бүтүргөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын саны эсептелет | Окутуунун ар кандай форматтарын (онлайн, офлайн) эске алуу керек; ошол топ үчүн ылайыкташтырылган программалар жөнүндө маалыматтарды киргизүү керек |
63 | Санариптик көндүмдөр боюнча окуудан өткөн жумушсуз жарандардын саны
| Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтары, жумушсуздар үчүн программалар | Бирд. | Санариптик көндүмдөр боюнча курстарды аяктаган жумушсуз жарандардын саны эсептелет | Мамлекеттик да, жеке да уюмдар тарабынан сунушталган курстарды эске алуу керек; окутууну аяктагандан кийин алынган сертификаттар же дипломдор жөнүндө маалыматты киргизүү керек |
Кыскартуулардын тизмеси:
|
|
|
ЭИТМК | – | Кыргыз Республикасынын “Экономикалык иштин түрлөрү” мамлекеттик классификатору |
МКТ | – | маалыматтык-коммуникациялык технологиялар” |
“Түндүк” ААК | – | “Түндүк” ачык акционердик коому |
ЭВӨС | – | электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы |
МИБ | – | маалыматтарды иштеп чыгуу борбору. |