Редакцияот 10.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

 

 

2023-жылдын 10-ноябрындагы № 28-2

 

“Төө-Моюн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн элдик курултайын чакыруу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 19- жана 21-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы №152- Указы менен бекитилген «Жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайынын ролун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын пикирлерин эске алып, Төө-Моюн айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төө-Моюн айылдык маданият үйүндө 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10-00 гө Төө-Моюн айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн элдик курултайы чакырылсын.

 

2. Төө-Моюн айыл аймагы боюнча 100 (жүз) делегаттын ичинен 1 делегат шайланып, курултайга катышуучу делегат боюнча маалыматтар алынсын.

 

3. Курултайдын өз убагында даярдалып, өткөрүлүшүн камсыздоо Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго, айылдык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.

 

 

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев