Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 15-январы № 8
"Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 19-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 1-бөлүктө "378405583,1" жана "367493223,5" деген цифралар тиешелүү түрдө "410588329,6" жана "404149409,4" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "10912359,6" деген цифралар "6438920,2" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 3-пунктта расмий тилдеги "3) Одобрить" деген сөздөр "3. Одобрить" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-беренеде:
а) 2-бөлүктө "8000000,0" деген цифралар "19319498,4" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "100000,0" деген цифралар "33060,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине белгиленген тартипке ылайык бюджеттик кредит берүүгө 35800,0 миң сом жумшалсын.";
г) 5-бөлүктө "2024-жылы - 1500000,0" деген сөздөр "2024-жылы - 1000000,0" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 6-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бюджеттик мекемелерде бош орундардын пайда болушуна, ченемдик укуктук актылардын, анын ичинде алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу, ошондой эле жылдын жыйынтыгы боюнча каражаттарды үнөмдөөнүн натыйжасында корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.";
4) 11-беренеде:
а) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. 2024-жылга республикалык бюджетте Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине Бишкек шаарынын билим берүү мекемелери республикалык бюджеттен толук каржылоого өткөрүлгөнгө чейин алардын эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашалардын бөлүгүн жабууга 2000000,0 миң сом суммасында максаттуу трансферттер түрүндө каражаттар каралсын.";
б) 7-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Баткен облусун кошпогондо, жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын күтүүгө, анын ичинде алардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө фонду боюнча, чыгашаларды каржылоо жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат.";
5) 12-берененин 1-бөлүгүндө "100000,0" жана "854800,0" деген цифралар тиешелүү түрдө "350000,0" жана "1369499,3" деген цифраларга алмаштырылсын;
6) жогоруда аталган Мыйзамдын 1-9, 13, 14-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1-11-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров | |
|
|
| |
2024-жылдын 11-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган | |