Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-декабры №3/9
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын нормативдик–укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009–жылдын 20–июлундагы №241 Мыйзамынын 27–28–беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009–жылдын 8–декабрындагы №743, 2010–жылдын 25–мартындагы №184 токтомдору менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын нормативдик–укуктук актылары жөнүндө» Жоболордун талаптарына ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун интернет-сайттарга жарыялап, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2013–жылдын 22–февралындагы №30 Мыйзамынын 1–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, статистикалык маалыматтар боюнча Кызыл–Кыя шаарынын аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаганын эске алып, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VIII чакырылыш) токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кенешинин төрагасы Ж.Аматовго тапшырылсын.
Төрага | Ж.Аматов |