Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2024-жылы 25-декабры №12
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ айылынын Ийри-Сай участкасындагы жер аянтына Жалал-Абад шаарынын “Аман-Таш” кооому Баткен шаарында ипотекалык үйлөрдү куруу максатында курулуш материалдарын даярдоо үчүн 2,80га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ айылынын Ийри-сай участкасында 2,80га жер аянтын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн карап жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ айылынын Ийри-Сай участкасында №400-контурунда жайгашкан 0,75 га жер аянты сугат айдоо жер, №404-контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянты башка жер, №405-контурунда жайгашкан 0,15 га жер аянты башка жер, №408-контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянты башка жер, №401-контурунда жайгашкан 0,03 жер аянты башка жер, №402-контурундагы 0,40га жер аянты башка жер, №403-контурундагы жайгашкан 0,05га жер аянты башка жер, №406-контурунда жайгашкан 0,10га жер суу астындагы жер, №409-контурунда жайгашкан 0,47га жер аянты сугат айдоо жер, №412-кондурунда жайгашкан 0,10га жер аянты башка жерлер.№400-контурунда жайгашкан 0,40га жер аянты сугат жер, №408-контурунда жайгашкан 0,15 га жер аянты башка жер,“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. “Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которуулган (трансформация) болгон жер аянтары “Аман-Таш” жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу мөөнөт менен пайдаланууга берилсин.
3. Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ айылынын Ийри-Суу участкасынан 2,80га жер аянты трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.Суранчиев |