Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылынын 12-декабры №9
« Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын декабрь карата түзүлгөн иш пландарын бекитүү ».
Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча»,
«Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча», «Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссияларынын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча», «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча», «Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын декабрь айына карата түзүлгөн иш пландары бекитилсин.
2. Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына айылдык кеңештин Регламентиндеги 8-бөлүмдүн 8.1- 8.3 кө чейинки главаларында көрсөтүлгөндөр боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына иш планында коюлган маселелерди отурумга, сессияга алып чыгууда Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, мектептин директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлору жана тиешелүү мекеме - ишканалардын жетекчилери менен биргеликте даярдап алып чыгуу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.И. Токтоболотов. |