Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-декабры № 3
Айрыбаз айылынын депутаты Ташов Абылгазы Гуламидиновичтин сунушу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын депутаты Ташов Абылгазы Гуламидиновичтин сунушунун негизинде Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын Сарыбай участкасындагы М.Садиров (ХЭУ) көчөсү менен Генжебай ажи көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аскер чекара заставасынын коргону жолго чыгып кеткендигине байланыштуу, аскер чекара заставасын коргону жылдырылып, мыйзам чегинде жол ачылып, элге коопсуз абал түзүлсүн;
2. Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын Какыр участкасынынын Ынтымак көчөсүнүн тушунда жайгашкан жөө өтүүчү көпүрөнү капиталдык ремонттон өткөрүп оңдоп түзөөлсүн. Көпүрөнүн курулушуна акча каражат бөлүп берүү жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөттүн бөлүм башчысы К.Токтосуновго жана жер адис Б.Хажихановго милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |