Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 818
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районундагы Шумкар-Уя жана Чоң-Алыш айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Запастагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районундагы Шумкар-Уя жана Чоң-Алыш айыл аймактарында гидроэлектр станциясын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 18-1-пунктуна, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 01-17/5456 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 213 буйругун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районундагы Шумкар-Уя жана Чоң-Алыш айыл аймактарында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 43,15 га болгон жерлер "Запастагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:
1) Шумкар-Уя айыл аймагындагы төмөнкү контурлардагы: № 329 - 1,65 га жайыт (суу топтогуч үчүн), № 2046 - 2,6 га жайыт (гидроэлектр станция үчүн), № 2046 - 0,4 га жайыт, № 2036 - 0,1 га жайыт, № 2038 - 0,5 га жайыт, № 2052 - 0,4 га жайыт, № 2053 - 0,2 га жайыт, № 2054 - 0,1 га жайыт, № 1691 - 1,7 га мал өтүүчү жол (суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу үчүн);
2) Чоң-Алыш айыл аймагындагы төмөнкү контурлардагы: № 10 - 3,7 га жайыт (суу топтогуч үчүн), № 4 - 8,4 га жайыт, № 7 - 11,1 га жайыт, № 17 - 1,2 га жайыт, № 22 - 5,7 га жайыт, № 47 - 5,4 га жайыт (суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу үчүн).
2. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
3) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык төлөөнү;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
5) жамгырды жана эриген карды коопсуз буруу системасын, башкы пландагы сейсмикага каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
6) пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда баштапкы абалга келтирүү менен аталган жерлерди Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык алып коюуну;
7) аталган жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын сакталышын;
8) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |