Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылынын 12-декабры №10
« Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылдын декабрь айына карата түзүлгөн иш планын бекитүү».
Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылдын декабрь айына карата түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Курманбаева Индира Акматовнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылдын декабрь айына карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Айылдык кеңештин 2024-жылдын декабрь айына карата түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана мүчөлөрүнө айылдык кеңештин Регламентиндеги туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жөнүндөгү бөлүмдө көрсөтүлгөндөргө ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин иш планында коюлган маселелерди даярдап, сессияга алып чыгуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына, Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, мектептин директорлоруна, мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлоруна жана тиешелүү мекеме - ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.И. Токтоболотов. |