Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-декабры № 8
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылыштын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясынын 29-май 2023-жыл №85 токтомунун 3-пунктун жокко чыгаруу жөнүндө.
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектеги 2-сессиясына сунушталган Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кенешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна негиз Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кенешинин жетинчи чакырылыш кезексиз жыйырма алтынчы сессиясындагы 29.05.2023-жылдын № 85 токтомунун 3-пункту жокко чыгарылсын.
2. Исхак-Полотхан айыл аймагындагы мыйзамсыз турак жай салуу үчүн ээлеп алган жерлердин (сугат, таштак-кунарсыз ж.б) чектик өлчөмүн, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүмүнө негиз 0,15 га деп аныкталсын.
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын мызамдарында белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы Исхак-Полотхан айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу (Т.Кудайкуловго) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмолгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана траспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Рсепубликасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төрага | Г.Матажиев |