Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-декабры № 267
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 16.12.2024-ж. № 34 - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 17.12.2024-ж. № 22 - Ыссык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылдык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 24.12.2024-ж. № 12 - Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылдык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 16.12.2024-ж. № 34 - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылдык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 17.12.2024-ж. № 22 - Ыссык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылдык кеңеши боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 24.12.2024-ж. № 13 - Чүй облусунун Чүй районундагы Чүй айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Суу, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Кара-Суу, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 267 токтомуна 1-тиркеме |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
1 | Савай айылдык (№ 5 Кызыл-Шарк шайлоо округу) | Максимов Илхомжон Ибрагимович | Кара-Суу АШК, № 34, 16.12.2024-ж. (12.12.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Жети-Өгүз району | |||
2 | Барскоон айылдык (№ 1 Барскоон шайлоо округу) | Ибаков Мирлан Орозбекович | Жети-Өгүз АШК, № 22, 17.12.2024-ж. (09.12.2024-ж. өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Чүй району | |||
3 | Чүй айылдык (№ 2 Чүй шайлоо округу) | Турсуналиева Махабат Куштарбековна | Чүй АШК, № 12, 24.12.2024-ж. (28.11.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 267 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
1 | Савай айылдык (№ 5 Кызыл-Шарк шайлоо округу) | Галаев Кубанычбек Абдуллажанович | Убактылуу иштебейт | Кара-Суу АШК, № 34, 16.12.2024-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Жети-Өгүз району | ||||
2 | Барскоон айылдык (№ 1 Барскоон шайлоо округу) | Шакенбаев Канатбек Жекшенбиевич | дыйкан чарба мүчөсү | Жети-Өгүз АШК, № 22, 17.12.2024-ж. |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
3 | Чүй айылдык (№ 2 Чүй шайлоо округу) | Ашкеева Назгуль Джолдошевна | мугалим | Чүй АШК, № 13, 24.12.2024-ж. |