Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-январы № 1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Сузак, Кара-Суу, Ноокат жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 23.12.2024-ж. № 11 - Талас шаардык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 27.12.2024-ж. № 31 - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 26.12.2024-ж. № 35 - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 30.12.2024-ж. № 40 - Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 08.01.2025-ж. № 1 - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ж.Абдрахманов айылдык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 28.12.2024-ж. № 12 - Талас шаардык кеңеши боюнча;
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 27.12.2024-ж.. № 32 - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 26.12.2024-ж. № 35 - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 30.12.2024-ж. № 40 - Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 08.01.2025-ж. № 2 - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ж.Абдрахманов айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык, Сузак, Кара-Суу, Ноокат жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Талас шаардык, Сузак, Кара-Суу, Ноокат жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Талас шаардык, Сузак, Кара-Суу, Ноокат жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-январындагы № 1 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Талас облусу | |||
Талас шаары | |||
1 | Талас шаардык | Байгараев Рустам Сатыбекович (5) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Талас АШК, № 11, 23.12.2024-ж. (17.12.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
2 | Көк-Арт айылдык (№ 9 Кара-Чолок шайлоо округу) | Орозбеков Нурбек | Сузак АШК, № 31, 27.12.2024-ж. (23.12.2024-ж. өз арызы) |
Айткулов Уларбек Акматалиевич | Сузак АШК, № 31, 27.12.2024-ж. (23.12.2024-ж. өз арызы) | ||
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
3 | Жоош айылдык (№ 8 Зарбалик шайлоо округу) | Исмаилова Чачыкей Ибрайимовна | Кара-Суу АШК, № 35, 26.12.2024-ж. (25.12.2024-ж. өз арызы) |
Ноокат району | |||
4 | Жаңы-Ноокат айылдык (№ 8 Шакаркыштак шайлоо округу) | Абдирахманова Махбубахон Абдилвахобовна | Ноокат АШК, № 40, 30.12.2024-ж. (30.12.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Ысык-Көл району | |||
5 | Ж.Абдрахманов айылдык (№ 4 Кароол-Дөбө - Жаркынбаев шайлоо округу) | Курманбеков Абдулазиз Курманбекович | Ысык-Көл АШК, № 1, 08.01.2025-ж. (31.12.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-январындагы № 1 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
1 | Талас шаардык | Сульпиев Баястан Мырсатаевич (7) "Ынтымак" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Талас АШК, № 12, 28.12.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
2 | Көк-Арт айылдык (№ 9 Кара-Чолок шайлоо округу) | Тагаев Тилекбай Рысбаевич | Жеке ишкер | Сузак АШК, № 32, 27.12.2024-ж. |
Нурматова Шайыргул Мамашовна | Жалал-Абад колледжинде кыргыз тили жана адабияты окутуучусу | Сузак АШК, № 32, 27.12.2024-ж. | ||
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
3 | Жоош айылдык (№ 8 Зарбалик шайлоо округу) | Жолчубай кызы Бегимай | Убактылуу иштебейт | Кара-Суу АШК, № 35, 26.12.2024-ж. |
Ноокат району | ||||
4 | Жаңы-Ноокат айылдык (№ 8 Шакаркыштак шайлоо округу) | Ташполатов Равшанбек Абдиганиевич | Дыйкан чарба мүчөсү | Ноокат АШК, № 40, 30.12.2024-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
5 | Ж.Абдрахманов айылдык (№ 4 Кароол-Добо - Жаркынбаев шайлоо округу) | Омурканов Тариель Туратбекович | Убактылуу иштебейт | Ысык-Көл АШК, № 2, 08.01.2025-ж. |