Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2024-жылдын июль айынын 2си
Жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Тамчы айылынын чыгыш тарабындагы 6,85 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун угуп, талкуулагандан кийин Эл депутаттарынын
Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айылынын чыгыш тарабындагы 6,85 га (контур №1551,1552,1553,1547) жайыт жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнү башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов