Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
2024-жылдын август айынын 9у
Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнө лизингге техника алуу жөнүндө
Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл өкмөтүнө ISUZU HD50 маркасындагы автобус техникасын алуу боюнча сунушун угуп, талкуулагандан кийин Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнө “Айыл Банк” ААК аркылуу лизингге ISUZU HD50 маркасындагы автобус техникасын (баасы 6 682 200сом), камсыздандырууга 37 000 сом баштапкы 30% (2 015 760сом) төлөм кылуу аркылуу алууга уруксат берилсин. (АКШ долларынын курсунун өзгөрүшүнөн улам төлөмдөр өзгөрүшү мүмкүн)
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп, “Айыл Банк” ААК менен келишим түзүү, тиешелүү төлөмдөрдү жүргүзүү “Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Сагынаалиевге милдеттендирилсин.
3. Лизингдин негизги каражатын жана пайыздарын графиктин негизинде төлөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Жергиликтүү кеңештин “Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.А.Мамбетов