Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2024-жылдын сентябрь айынын 10у
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Балыкчы Грин Энерджи” ЖЧКна арендага берилген 855га жердин 2024-жылга карата 7000 000 сом- жер салыгы, 28 400 000сом-аренда акысы, жалпы 35 400 000 сом жергиликтүү бюджетке түшпөй жатканына байланыштуу, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн азайтуу жөнүндө айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин 20.05.2024 №3 токтому менен бекитилген Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнөн (118 412 200сом) “Балыкчы Грин Энерджи” ЖЧК түшпөй калган (35 400 000 сом) акча каражаты кыскартылып, 82 643 300 сом болуп түзүлсүн.
Негизи: “Балыкчы Грин Энерджи” ЖЧК тарабынан жер салыгы жана аренда акысы төлөнгөн эмес. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушу (№01-18/877 05.09.2024)
2. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин жана 82 643 300 сом болуп түзүлсүн.
Негизи: Ушул токтомдун 1-пункту.
3. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн кыскартуу боюнча иш алып баруу жагы “Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Тө Э.А.Мамбетов