Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2024-жылдын сентябрь айынын 10у
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы жайыт акысын бекитүү жөнүндө
“Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.С.Жолалиевдин айыл аймагындагы жайыт акысын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында жайыт акысы ар бир малдын башына:
уй, жылкы- 60сом, торпок, тай-40сом, кой, эчки, козу, улак-12сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы мал ээлери, малчылар жана фермерлер менен мыйзам чегинде иш алып баруу “Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.С.Жолалиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов