Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2024-жылдын сентябрь айынын 10у
Жердин багытын өзгөртүү жөнүндө
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы Чырпыкты айылынын батыш тарабындагы 0,7га (контур №2767) жайыт жер тилкесине жогору чыңалуудагы электр чордонун долбоорлоо жана куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга уруксат берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чырпыкты айылынын батыш тарабындагы 0,7га (контур №2767) жайыт жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов