Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2024-жылдын сентябрь айынын 10у
“Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын бюджетин жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
“Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Э.Жолалиевдин 26 эмгек орунду түзгөн ишкананын штаттык бирдигин жана 2024-жылдын август, сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айына жумушчуларга эмгек акыга берилүүчү акча каражатын (713700*5=3 568 500сом) жергиликтүү бюджеттен карап бекитип берүүнү суранган кайрылуусун карап чыгып, талкуулап, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын жумушчуларына
2024-жылга эмгек акы үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 568 500 (үч миллион беш жүз алтымыш сегиз миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.“ Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. “Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Э.Жолалиевге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана муниципалдык ишкананын жобосуна ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов