Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2024-жылдын 10-сентябры №24
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын ардак наамдары, өзгөчө белгилери жана сыйлыктары жөнүндөгү жобосун бекитүү жөнүндө
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын ардак наамдары, өзгөчө белгилери жана сыйлыктары жөнүндөгү жобосу менен таанышып, талкуулап, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын ардак наамдары, өзгөчө белгилери жана сыйлыктары жөнүндөгү жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул жобонун негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов