Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезектеги биринчи сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №2
Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2. Исмаилов Кайрат Самакович Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Н.Т.Иманалиев