БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXVII-сессиясы
2024-жылдын 18-апрели № 121
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Бирлик айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Бирлик айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасына жана Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Каламов |