КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 20-декабры №14
« Тогуз - Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунуштоо жөнүндө».
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиянын төрагалыгынын орун басары Токтоболотова Назгүл Рысбековнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1- пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын)кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- а) Районубуздун социалдык - экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон алгылыктуу салымы жана билим берүү тармагында жетишкен ийгиликтери үчүн Каргалык айыл аймагынын тургуну, Тогуз-Торо райондук Билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы”, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы”, Тогуз-Торо райондук Аялдар Кеңешинин “Ардак грамотасы”, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Мыкты уюштуруучу” номинациясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы”, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси, Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы”, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун “Ардак грамотасы”, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук Комитетинин “Ардак грамотасы”, Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин “Ардак грамотасы”,
Каргалык айыл өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”, “Санарип мугалим-Турция” сынагынын I даражадагы диплому, Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин “Лидерлик үчүн” алтын медалы, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын “Ардак грамотасы”, Татарстан Республикасынын “Алабуга” политехтин “Ишкердиктин негиздери жана финансылык сабаттуулук” диплому, Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигин “Жылдын мыкты мектеби-2024” жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ыраазычылык кат” наамдарынын ээси, учурда №1 Мойдунов Тоту атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектептин директору, Каргалык айылдык кеңешинин депутаты болуп иштеп келе жаткан Атамкулова Назгүл Токтоналиевнаны,
- б) Районубуздун социалдык - экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон алгылыктуу салымы жана жетишкен ийгиликтери үчүн Каргалык айыл аймагынын тургуну, Кыргызстан Компартиясынын “Ардак грамотасы” , Нарын электр тармактар ишканасынын “Ардак грамотасы”,Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы жана Эл депутаттарынын “Ардак грамотасы”, Нарын облусттук мамлекеттик администрациясы жана Нарын облусттук Эл депутаттар Кеңешинин “Ардак грамотасы”, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин “Ардак грамотасы” жана сыйлыктардын ээси, ардактуу эс алууда жүргөн Мамбеталиев Темирбек Акималиевичтер Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
- Бул сунушту колдоп берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жүктөлсүн.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиянын төрагалыгынын орун басары Токтоболотова Назгүл Рысбековнага тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.И. Токтоболотов. |