КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 20-декабры №15
« Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18- декабрындагы № 01-6/957 сандуу чыгыш катын кароо (облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоо)».
“Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы А.Атыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Табылгыты айылындагы Э.Касымалиев атындагы спорт залдын курулуш иштерин жандандырууга карата курулуштун өздүк салымы үчүн 5000000 (беш миллион) сомдук даярдалган долбоорду “Жалал - Абад облустук өнүктүрүү фонду” мекемесине сунушталсын.
- Долбоорго тиешелүү документацияларды даярдап, “Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесине тапшыруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн адиси, проектилер боюнча иш алып баруучу У.А.Далбаевге милдеттендирилсин.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы А.Атыкановго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.И. Токтоболотов. |