Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXVII-сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 122

 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Бирлик айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Бирлик айыл аймагынын айылдык  Кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

         1. Кичи-Айдаркен айылында жайгашкан  Бирлик айыл өкмөтүнүн карамагында турган 60 га мамлекеттик фондунун жер аянттары Бирлик айыл өкмөтүнүн пайдалануусунда калтырылсын.

2. Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан  136га Айдаркен сымап комбинатынын карьер участкасы Бирлик айыл өкмөтүндө калтыруу жагы суралсын.

3. АТРге чейин Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан  24га акыр-чикир фильтрлөө талаасы Бирлик айыл өкмөтүнүн башкаруусунда калтырылсын.

4. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Бирлик айыл аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Каламов