Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXIХ-сессиясы
2024-жылдын 25-июлу № 125
Бирлик айыл аймагынын Тескей айылынын №1-көчөсүнө “Кабылов Сатилланин” ысымын ыйгаруу жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын Тескей айылынын 2024-жылдын 9-мартындагы жергиликтүү жашоочуларынын жыйынынын протоколунун негизинде Тескей айылынын №1-көчөсүнө “Кабылов Сатилланин” ысымын ыйгаруу боюнча маселени карап чыгып, маркум Кабылов Сатилланин Улуу Ата-Мекендик согуштагы эрдиктери жана согуштан кийинки мезгилдеги сыйлыктары, Тескей эли үчүн жасаган аракет эмгектерин эске алуу менен, жарыш сөзгө чыккан айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын Тескей айылынын №1-көчөсүнө Кабылов Сатилланин ысымы ыйгарылсын.
2.Бирлик айыл аймагынын Тескей айылынын №1-көчөсү “Кабылов Сатилла” атындагы көчөсү деп өзгөртүлсүн.
3.Көчөнүн атынын өзгөрүлүшү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, табличкаларды жаздыруу, райондук Кадастр жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынан керектүү жумуштарды аткарып, аягына чейин бүтүрүү айыл башчы А.Тойчиевге жана аялдар Кеңешинин төрайымы А.Кабыловага жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.
Төрага: |
С.Каламов |