Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXVII-сессиясы
2024-жылдын 25-июлу № 127
Бирлик айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6 ай ичиндеги киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2024-жылга жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга Республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Бирлик айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айлык аткарылышы кирешелер бөлүгү 12219,0 миң сом, чыгашалар бөлүгү 11351,5 миң өлчөмүндө аткарылган отчету бекитилсин.
2.2024-жылдын жылдык бюджеттик сметасында бекитилген киреше бөлүмүндөгү кээ бир статьялары бекитилген сметадан ашыкча аткарууга муктаж болгондуктан, киреше жана чыгаша бөлүмүнө тиркемеге ылайык бюджеттик сметага өзгөртүүлөр киргизилсин.
3.Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Ө.Шералиевге бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
4.КР ФМ Кадамжай башкармалыгынан жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Ташполотовго жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы: |
С.Каламов |