КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 20-декабры №17
« Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын 19-декабрындагы №01-/962 сандуу чыгыш катын кароо жөнүндө (дем берүүчү (үлүштүк) грантын өздүк салымын кароо) жөнүндө».
“Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы А.Атыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- а) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Дем берүүчү (үлүштүк) грантына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Казарман айылындагы Ж.Акимбаев көчөсүнүн 530 метр, К.Дөөткулов көчөсүнүн 370 метр ички жолдорун ысык асфальт төшөөгө карата долбоордук сметалык баасы жалпы 9318654 (тогуз миллион үч жүз он сегиз миң алты жүз элүү төрт ) сомду түзгөндүгүнө байланыштуу 46,3 пайыздык өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен 4318654 (төрт миллион үч жүз он сегиз миң алты жүз элүү төрт) сомду,
- б) Каргалык айыл аймагынын А.Сагынбаев көчөсүнүн 380 метр, А.Түмөнбаев көчөсүнүн 250 метр ички жолун ысык асфальттоого 5662008 (беш миллион алты жүз алтымыш эки миң сегиз) сомго долбоордук сметалык документациясы даярдалып, 50 пайыз өздүк салымы үчүн 2831004 (эки миллион сегиз жүз отуз бир миң төрт) сом акча каражатты 2025 - жылдын бюджетинин долбооруна киргизүү жагы сунушталсын.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага жана ФЭБ башчысы Г.Э.Өзүкановага милдеттендирилсин.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы жана “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы А.Атыкановго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.И. Токтоболотов. |