КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 20-декабры №19
« Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 04-апрелиндеги № 01-7/281чыгыш сандуу катын кароо жөнүндө ».
““Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Атыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Каргалык айыл өкмөтүнүн билим берүү тармагынын (балдар бакчасына) атайын каражатынан,14232400 элементинин планынан жана 2218 тамак- аш бересинен 250,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
- Каргалык айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын атайын каражатына, 14239900 элементине - 250,0 миң сом планына, 2215 ар кандай чыгымдар беренесине которулсун.
- Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
- Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы жана “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы А.Атыкановго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.И. Токтоболотов. |