Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXX-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 130
Жал айылындагы Логистикалык борборду муниципалдык менчикке каттоо жөнүндө
Баткен облусунун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Бирлик айыл аймагынын Жал айылына курулган Логистикалык борбордун келечектеги ишмердүүлүгүн ар дайым көзөмөлдөп, туруктуу иштеп элге кызмат кылуусун камсыз кылуу максатында Бирлик айыл аймагынын айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын Жал айылына курулган Логистикалык борбор Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго жана көзөмөлдөө Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Караевага тапшырылсын.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Каламов |