Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXX-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 131
Ормош айылындагы Логистикалык борборду муниципалдык менчикке каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун алкагында Бирлик айыл аймагынын Ормош айылына курулган Логистикалык борбордун келечектеги ишмердүүлүгүн ар дайым көзөмөлдөп туруктуу иштеп элге кызмат кылуусун камсыз кылуу максатында Бирлик айыл аймагынын айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун алкагында Бирлик айыл аймагынын Ормош айылына курулган Логистикалык борбор Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго жана көзөмөлдөө Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Караевага тапшырылсын.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Каламов |