Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXX-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 132
Ормош айылындагы Логистикалык борборду ижарага берүү жана пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э. Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1-498 катынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун алкагында Бирлик айыл аймагынын Ормош айылына Логистикалык борбор уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA-1000” долбоорунун координатору М.Э. Баялиевдин 2024-жылдын 19-июнундагы №1-498 каты көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2.Ормош айылындагы Логистикалык борбор бизнес-өнөктөшкө мыйзамда белгиленген тартип боюнча убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго жана көзөмөлдөө Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Караевага тапшырылсын.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Каламов |