Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXX-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 133
Моло айылында жайгашкан мурда эгилген эски кайрагачтардын ордунан Моло, Жаңы-Сырт, айылдарынын жашоочулары үчүн келечек планда ФАП курууга жана жалпы элдин кызыкчылыгына кызмат кыла турган социалдык обьектилерге ылайык жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Моло айылында жайгашкан мурда эгилген эски кайрагачтардын ордунан Моло, Жаңы-Сырт, айылдарынын жашоочулары үчүн келечек планда ФАП курууга жана жалпы элдин кызыкчылыгына кызмат кыла турган социалдык обьектилерге ылайык жер аянтын ажыратууга уруксат сураган айыл башчы З.Мадимаровдун кайрылуусунун негизинде сунуш-талкуулардан кийин, Бирлик айыл аймагынын айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Моло айылында жайгашкан мурда эгилген эски кайрагачтардын ордунан Моло, Жаңы-Сырт, айылдарынын жашоочулары үчүн ФАП курууга жана жалпы элдин кызыкчылыгына кызмат кыла турган социалдык обьектилерге ылайык жер аянтын ажыратууга макулдук берилсин.
2.Аталган жер аянтын мыйзам чегинде белгиленген тартипте ажыратып берүү иштери айыл өкмөт башчыга жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Каламов |